www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү министири болуп келген Каныбек Иманалиев "жыргатам, кыйратам, гүлдөтөм" деп эле күпүлдөп жатат. Ылайым эле билим берүү тармагы оңолуп, сапаты жогорулап, бийиктикке чыксын дейли. Бирок, сазга баткан билим берүүнү курулай кооз сөздөр менен эмес, реалдуу иш аркылуу көтөрүү зарыл.
Дегенибиз, Иманалиев билим берүү системасын өзгөртүп, Советтик эмес Британиянын билим берүү системасына өткөзүү ниетин билдирди. Дал ушул жерден Иманалиевдин реформасы канчалык деңгээлде жемишин берет деген маселе жаралууда.
Себеп дегенде, Британ билим берүү системасы Советтик билим берүү системасына өтүп жатса, биз Советтик билим берүүдөн баш тартып, Британ билим берүү системасына өтөбүз дегенибиз натыйжа берчү туура кадам болобу?
Ушул жагын Каныбек мырза дүңүнөн эле урдура бербестен, майдалап, ак-карасын ажыратып карапайым калкка жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсе болмок.
Антпесе, халва, халва дегенден оозуң бал татыбай тургандай эле, Британ билим берүү системасына өткөзүү менен көйгөйлөрдүн баары чечилип, гүлдөп кетебиз деген абсурд.
Негизи, сагызгандан сак Каныбек Иманалиев дал ушул билим берүү тармагынан капканга чабылып, критке кетпесе болгону. Таза иштебесе, тез эле эсеби табылат.
Булак: NazarNews.kg