www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №42 мектепте директор актовый залды ижарага алганы үчүн акча алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, ага ата-энелер кайрылып, бул маалыматты беришкен.
“Президент билим берүү мекемелериндеги опузалап акча талап кылууну токтотуу керектигин ачык жана так айтты. Киркомстромдо жайгашкан №42 мектепте актовый залды ижарага алганы үчүн окуучулардан акча чогултушат. Утренник болгондо мектеп окуучулары ата-энелеринен акча алышат. Бул кандайдыр бир жапайычылык. Буга ата-энелер нааразы болуп, мектептерде акча талап кылууну токтотууну суранышууда”, - дейт Гуля Кожокулова.
Булак: NazarNews.kg