www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Тегерандагы элчилиги расмий түрдө Кабулдагы бийликти 2021-жылдын августунан бери көзөмөлдөп турган радикал талип кыймылынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Анда талиптер 27-февралда иштей баштаганын TOLOnews телеканалы билдирди.

Афганстандын мурдагы бийликтери тарабынан дайындалган дипломатиялык миссиянын мүчөлөрү посольстводон чыгып кетишти.

Талибан жети офицерин Тегеранга иштөөгө жөнөткөн. Аларды Фазл-Мохаммад Хаккани жетектейт. Ал элчи статусуна ээ эмес, анткени Иран талибдердин өкмөтүн тааныбагандыктан, анын кызматы «ооган дипломатиялык миссиясынын убактылуу ишенимдүү өкүлү» деп аталат.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын элчилигиндеги кызматкерлердин алмашуусуна Иран бийлигинин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ирандын Тышкы иштер министрлиги элчиликти өткөрүп берүүнү Ооганстандын ички маселеси деп атады.

Кошумчалай кетсек, TOLOnews телеканалы Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө таянып, Ооганстандын Стамбулдагы консулдугу да талиптердин көзөмөлүнө өткөнүн кабарлады.

Миссияны радикалдык кыймылдын өкүлү Гүлмат-Хан Задран жетектейт.

Талибан бир жарым жылдан бери Ооганстанды көзөмөлдөп турганына карабай, алардын өкмөтүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсү тааныбайт. Бирок буга чейин Ооганстандын Орусия, Кытай, Түркмөнстан жана Пакистандагы элчиликтери алардын көзөмөлүнө өткөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости