www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Талас облусундагы Чалдыбар интернатынын айланасындагы жагдайды кайрадан көтөрдү.

“Бир имараттын ичинде эки мектептин балдары окуп жатат. Интернетта тарбиялануучулардын саны аз деген тыянак менен аны жабуу аракети көрүлүп жаткандай, бирок аны сактап калуу зарыл”,-деди Марат Мураталиев.

Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Таалайбек Сарыбашов балдар үйлөрүнөн, интернаттардан чыккан жетим балдарга кайдыгер мамиле болбошу керек деди.

"Мамлекет аларга бир аз кам көрүшү керек. Же алардын жашоосуна мониторинг жүргүзүп, окууну бүтүрүп чыккандан кийин кароосуз калышына жол берилбеши кажет", - деди ал.

Ошондой эле депутат билим берүү министрлигинен жана эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинен балдар үйүнөн чыккандан кийин алардын жашоосун адаптациялоо үчүн кандай программалар каралганы тууралуу маалымат берүүнү белгиледи.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости