www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Кечээ, 29-майда жаңы дайындалган биринчи орун басарды президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Белек Сакиев менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы - акими кызматтарын аркалап келген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости