www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2024- жылы Кыргыз тарыхый илиминде чооң эмгек сиңирген, Кыргыз этнография, этнологиясын изилдеген окумуштуулар Олжобай Каратаев менен Табылды Акеров фундаменталдуу эмгектерди жаратышты.
О. Каратаев соңку эгемендик жылдарда илимпоздор арасында Кыргыз жана кыргыз урууларынын, ага коңшулаш тарыхый уруулардын тарыхый- этнографиялык материалдарын топтоп, иликтеп, изилдеп тарыхта өз ордун тапкан, тажрыйбалуу окумуштуу. Олжобай агайдын тарыхый очерктери кыргыз тилиндеги сөз байлыктарын чебер пайдаланып, тил эрежелерин так сактап, мазмундуу жазгандыгы менен мени кызыктырат. Албетте, Кыргыз тарыхый илиминде фундаменталдуу эмгектери, изилдөөлөрү менен белгилүү болгон агайларыбыз көп, биз тарыхты ошолор аркылуу окуп, үйрөнүп келгенбиз.
Бирок, эгемен жылдары башы көрүнгөн окумуштуулардын арасында мен эмгектерин кызыгып окуган авторлор О. Каратаев, Азат Абдысадыр уулу, анан Т. Акеров болду .
А. Абдысадыр уулунун макалаларын окуганымда акын Алыкул Осмоновдун лирикалык ырларын окугандай таасирленем. Орусча жазылганына карабастан ушунчалык жөнөкөй жана түшүнүктүү, поэтикалуу. Ал жонундо анан кенен соз болор...
О. Каратаевдын Кыргыздын Адигине уруулар тобунун тарыхый этнографиялык материалын камтыган 5 томдук китеби Кыргыз тилдүү окурмандардын абдан кызыгуусун жаратты.
Ал эми Табылды Акеров Борбордук Азия чөлкөмүндөгү Байыркы Кыргыз цивилизациясынын изи менен кууп, Кыргыз урууларынын келип чыгуу тарыхы, аталыштарынын этимологиялык, лексика- семантикалык маанилери, уруулардын жайгашуусу жана көчүп конуу ареалы, уруулардын өз ара мамилелери, бири бирине аралашуу- сиңишуу (ассимиляция, слияния) ж.б толгон тарыхый маселелерди камтыган 2 томдук килтейген эмгекти орус тилинде жаратты. Агай негизинен эмгектерин чет өлкөлүк жана ата мекендик басылмаларга кыргыз, орус тилдеринде жарыялап, Евразия чолкомундо өзү тандаган темасында көрүнүктүү окмуштуу катары таанылды..
Өзгөчө көңул буруп, кубануу менен сөз кыла турган маселе: бул эки автордун китептерин басмадан чыгарууга акчалай каражат менен колдогон Төрөев Асан ажымын айкөлдүгү болуп саналат. Анын мындай материалдык колдоосу менен ондогон китептер жарык көрүп, кыргыз окурмандарынын руханий байлыгын байытууга кызмат кылууда. Ажыма Жараткан бекем ден соолук, Узак омур Насип этсин, ишине ырбалжы берсин!
**********
Мен Акеров Табылды агай, анын эмгеги тууралуу сөз кылгым келет...
Табылды агайдын тарыхый этнографиялык макалаларын алгач окуп, таанышып баштаганыман бери 10 жылдан ашып калды. ..
*********************
Т. Акеров Жогорку окуу жайында эмгектенет жана тарых илимдеринин кандидаты эле, эми докторлук илимий даражасын коргоонун алдында турат.
Китептин аталышы "Кыргызы из Скифии Канха и Кангорай. Кыргызские владения Великой Турании"-, деп аталат. Элибизде атадан балага адат болуп калган так- тегин суроо мурасы бар.
Ушул принциптен алып караганда Табылды агай Чүй өрөөнүндөгү Оң канаттын Ак уулунун Тагай бий тобунун Богорстонунун (белгилүү Эштектин) Солтосунан Чаанын урпагы.
Солтонун урпактары дал Табылды агай изилдеген доордун 10-кылымынын 1-жарымында, тагыраагы Тан империясынын доору аяктап, анын ордуна келген үч империя пайда болгондугу тууралуу Кытай малыматтары бар...
2015-жыл, февраль айы.
Мени Чынгызхан темасына көңүлүмү бурган жакын досум, кесипөй журналист Азизбек Чамашев болду. Кыргыз мамлекетинин белгилүү ишмери, легендарлуу парламенттин депутаты, “бизге атом бомбасы керек”,-деген билдирүүсү менен Кыргыз элинин эсинде калган Аматов Бегиш авамын “Дүйнөнү дүнгүрөткөн Чынгызхан кыргыз болгон” деген китеби коомчулукта, кийин 2015-жылдын башынан илимий чөйрөдо талкууланып баштаганда, ага катышуумду сунуш кылды. Бирок, чынында даярданбай туруп кантип катышасың, эмне деген пикир айтасың? Алгач, Чынгызхан өзү баштап уулдары аягына чыгарды делип айтылып жүргөн “Чынгызхандын купуя санжырасы” китебин окуп чыктым. Рашид-ад-дин баш болгон ошол доордо Чынгызхандын жана анын урпактары менен башкарууга катышкандардын, анын башкарган аймагына келип, өз көздөрү менен көруп, баяндаган чыгармалары менен тааныштым. Эн кызыгы “Чынгызхандын купуя санжырасын” (ССЧ) орус тилине которууда сөздөрдүн маанилери өтө орой бузулуп (искажения менен) , ал тургай сөздөр фальсификация менен которулганын байкадым. (Козин менен Мелейиндин котормосуг салыштырып окуп корунуз.) Маселен, купуя санжырада Чынгызхан эң оболу “моал жана тартар” элине башчы болуп, ошондон баштап анын даңкы чыга баштайт. Бирок, котормолордун көбүндө моал жана тартар деген сөздөрдү таппайсың, монгол жана татар болуп өзгорүлүп кеткен жана мааниси да таптакыр башкага өтүп кеткен.
Кийин ошол өзгөрүлгөн сөздөр менен Чынгызхандын империясы “Монгол (түпкү аталышы-“моал”-Суу манисин берет)-Татар (түпкү аталышы “тартар”-жер аталышын берет)” игасы, же империясы делип аталып калды.Эгерде кылычынан кан тамган Чынгызхан тирүү болсо эч качан өзүнүн атасын өлтүргон Татарлардын атын империясына коймок эмес?! Атасын өлтүрдү деген элдин атын Улуу империясына коюлганы ошол доордун логикасына сыйбаган иш. Моал-тартар сөздөрүндө катылган лексика-семантикалык ой-туюм-жер-суу маанисин берип, Жер-Сууну ыйык туткан уруулардын, же элдердин биригүүсүн түшүнүүгө болот. Кыргызда Жер-Суу сакралдык ыйык түшүнүк, тилчилер терең талдоого алышса, “Кыргыз” сөзү "Кыр(г)ус=-кыр-жер (долина-өрөөн), ус-суу маанисин өзүндө сиңирип жатышы ажеп эмес, анын үстүнө элибизде жер-суу эн белгиси (кээ бир кыргыз окмуштуулары интернеттеги сабагында Жер-Суу эн белгисин өз атында атабастан, ийрелеңдеген жылан сымал деп аташат) муундан муунга сакталып келет. Жер-Суу эн белгиси Чыгышы Алтайда, Батышы Фергана өрөөнүндө Алай-Алайкуу тоолорунда, Американын индеецтер жашаган аймакта таштарга чегерилип сакталып калган
Эми Чынгызхандын теги ким жана ошогездеги Чынгыз хандын империясында кайсы элдин тили пайдаланылган?
Бегиш ава ушул жерден Кыргыз санжырасына таянуу менен, анткени Кыргыз тарыхында-санжырасында Улуу Баргынын уч урпагы тууралуу баян бар, Чынгызхандын тегин ошол Улуу Баргыдан таап чыккан (эскертип коё турган нерсе: азыркы Кыргыз элинин ичиндеги оозеки санжырада айтылган 12 аталык хан Баргыдан эмес, оозеки тарыхтын Санжыра илими боюнча азыркы Баргылар Улуу Баргынын урпактары жана мураскери). Тили Улуу Баргынын диалектисинин нариечилеринен келип чыгаары байкалат. Ошондон уламдыр, Улуттук илимдер академиясынын талкуусунунда “коомдук башталыштагы окурмандар үчүн жазылган эмгек катары баалап, Чынгызхандын Кыргыз экендиги жөнүндөгү аталган китеп жалпы элге таратыла берсе болот”,-деген жыйынтык чыгарышкан. Ондогон илимпоздор, мамлекеттик саясий жана коомдук ишмерлер китептин ачылуу аземинде “китептеги маалыматтын чындыгы кубаттала тургандыгы жана ал илимий гипотеза мамлекет тарабынан колдоо таап, изилдөө иши жүрүшү керектиги” белгиленип, ошогездеги Президентке, Жогорку Кеңешке, Окмөтко кайрылуу кабыл алышып, жөнөтүшкон. Бирок, китепти басып чыгаруу, андагы маселелерди жайылтуу, изилдөө мамлекеттик деңгээлде колдоо таппады. Ага чейин эле Россия Чынгызхан тууралуу мыкты жазылган 50 чыгарманын катарына кошту, жакында дагы интернетте дүйнөдөгү Чынгызхан тууралуу жазылган 100 китептин тизмесине киргендиги жөнүндө маалымат кетти.
Кыргызча Чынгызхан тууралуу жазылган китепке мынчалык назар салып калышты-менин жеке пикиримде чыгарманын санжыралык нугунун тууралыгында болсо керек. Санжыра-биздин элде гана өтө терең маани берүү менен иликтенет эмеспи, ал тургай "Жети атаңы билбесең-жетесиз кулсуң",- деген жемеге каласың!
Ошондой эле Б. Аматовдун китебине чейинле Кыргыздын оозеки тарыхын изилдөөдө пикирлерин айтып жүргөн, ага улай да тактыктарды кийирүү айдыңында Сарыгулов Дастан ава башында турган белгилүү инсандарыбыз, окмуштуу Байас Турал жана башка окумал илимпоз, санжыра иликтөөчүлөр Чынгызхандын теги Кыргыз болушуна байланышкан өздөрүнүн маалыматтарын жарыялашты. Абдан кызыктуу. Ошол эле кезде айрым авторлор тарабынан берилген маалыматтардын ичинде Чынгызхандын теги Шатолук болору айтылып өттү, бирок талдоого алышпады. Мүмкүн биздин санжыралык салтыбыздын өзгөчө текебер жагын эске алышып, аталган уруу бой көтөрүп кетпесин дешкендир! Эң кызыгы, Байас байке түрк элдериндеги оозеки тарыхтагы-санжырадагы маалыматтарды-баяндарды талдоо жасап жатып,: Чынгызхандын башкы теги 10-кылымга туура келет дегендей маалымат берди.
Эмесе туугандар, ошол Чынгызхан тууралуу маалыматтарды окуп үйрөнгөн соң, табылган маалыматтардын тизмегине талдоолорумду жана болжолдоолорумду Сиздерге сунуш кылам.
Келтирилген маалыматтар жана талдоолор купулуңузга жакпай турса, мени жемелөөдөн карманып, пикир калтырыңыздар, чогуу толуктоого пайдаланалы.
Адегенде эскертип коёюн, мен Чынгызханды кыргыз дегенден алысмын, бирок колуңда материалдарды талдай келсең, анын жашоо образы, тили, колдонгон акча бирдиги, аскердик түзүмдөрүнүн аталышы, ошгездеги тутунган ишеними, жеген-ичкен тамагы--баарыле Кыргыздыкы болуп калат экен да! Маселен, “Чынгызхан жана анын урпактары түндүктүү Кыргыз (боз) үйдө то́ро́лго́н жана жашаган, эн көп жеген тамагы жайында камыр кошулган уй-кой эти, кышында жылкы эти болгон. Кийгени Кыргыз калпагы, топчусу жок Кыргыз чапаны, суусундукка кышында курут, бозо, жайында кымыз ичишкен. Күмүш акчасы-СОМ аталган! Сүйлөгон сөздөрү , мисалы, боконо, шыралга баш болгон ошол доордогу аңчылыкта, күндөлүк сый-урматта жана аскерий багытта колдонулуучу сөздөрү—Кыргыз тилиндеги сөздөр!,- тарыхый жазма булактардагы болгон жазмаларда баяндалат. Баса, белгилүү тарых иликтөөчү Мелис Мураталиев 10-кылымдагы Кытай императорлорунун ички баарлашуусу Кыргыз тилинде болгондугун видео ролигинде жарыялады! Байас Турал менен Мелис Мураталиевдин берген жыйынтыктоочу маалыматтары өтө кундуу болуп саналат, азиз окурманым!
Мени тарыхый маалыматтар тууралуу илимий макалаларды окуп атканда, айрыкча кыргыз сөздөрун кодонуу менен талдоо жасоосу, макаланын окумдуулугунун ыргагы жана келтирген аргумент-фактыларынын кызыктуулугу, ишенимду́у́лу́гу́ менен эгемендик жылдары Кыргыз оозеки жазмасындагы, тарыхый жазма булактардагы маалыматтарды айкалыштыра салыштырып изилдеген илимпоздун эмгектери кызыктырды. Анын макалалары илимий стилде жазылса да, поэтикалуулугу менен өзгөчө эле. Ушундай жазган макалаларында жүзүн көрсөтүп турган өзунчо поэтикалуу ыргагы бар инсан экен (бирок, ал автор менен тааныш эмесмин, анын илимий макалаларын, китебин кызыгуу менен окуйм)!.
Белгилүү илимпоз-кыргыз таануучу окмуштуунун Шато, солто этнонимдери тууралуу макаласы 2013-жылы интернеттеги кыргыз сайттарына жарыяланган...
Мен жогоруда Кыргыз оозеки тарыхын иликтеп, изилдеген инсандарыбыз Чынгызханды Шатолук элден чыгарышты, бирок талдап, чечмелешкен жок деп айтпадымбы, ошого талдоо жасалган макаладан жооп издеп көрөлү...
Ошогездеги Чынгызхандын империясынын аймагына келип, байкоо салып, чогулткан материалдарына талдоо жасаган Китай дипломаты жана чалгынчысы (разведчиги), Чынгызхан доорунун күбөсү Мэн-хун «Записках о монголо-татарах» (1219 -жылдары) деген эмгекте: «(Это) поколение происходит от шато’сцев и составляет особенный род. Они разделяются на три вида: черных, белых и непокорных (диких)»,-деп баяндайт. Мен Аматов Бегиш авамын китебинин ачылуу аземине утурлай “Чынгызхан Кара кыргыздан келип чыгат” деген макаланы “Жаңы ордо” гезитине жарыялап, анда ушул кара, ак жана жапайы терминдерине өзүмдүн түшүнүгүмдү баяндап, Кара Кыргыздын башаты узакта экениине окурмандардын, илимий чөйрөнүн көңүлүн бургум келген...
Кытайлыктар “Шато” деп кайсы өрөөндү аташкан? Тарыхый маалыматтарда, биздин тарыхчылардын эмгектеринде уйгурлар менен ганьсуйдун аралыгындагы кумдуу, таштак өрөөндү белгилешет экен. Бирок, ошол 10-кылымдагы айрым маалыматтарга жана Чынгызхандын теги Кочкордон кеткен делген кабарга азырынча түшүндүрмө таппайсың!
Ушул жерден «Шато» терминин жиликтеп, абдан ынанымдуу жазылган макалада байыркы кытай, башка жазмаларга таянуу менен «Шато» терминин лигнивистикалык, геноелогиялык жактан салыштыруулар менен анализдеген. Чындыгында, “шато” сөзү байыркы кыргыз тилиндеги сөз экени, ал «шаты», же «тик», акырында «эшилген (кумдуу) тик» (эл оозундагы Эштек) маанисин берери көбүбүздүн оюбузга дагы келбеген.
Сиздерге ушул талдоонун алдында Кыргыз тилиндеги бир Сөздүн таржымалы жөнүндө кыскача баяндагым келет. Элибизде саламдашып, арыба-алик алышкан соӊ , «төрт түлүктүү малыӊ (же төрт түлүгүң) аманбы?» деп сурашкан. «Түлүк» сөзү «азык» маанисин (азык-түлүк) берип, төрт түлүк: жүн, тери, эт, сүттү түшүндүрөт. Мал чарбасынан өндрүлгөн бул төрт азык бүгүнкү жашообузда дагы негизги таяныч. Андан алынган төрт түлүк менен жан багышат. Байкадыңызбы, “азык” сөзү байыркы аталышында “түлүк” сөзү болуп, сырткы формасы-көрүнүшү жагынан кандай гана өзгөрүүгө учураган.
Ушул сындууле уруу аталыштарында да сырткы формасы таптакыр таанылгыс болуп өзгөрүп, мазмууну сакталып калган сөздөрүбүз арбын. Бирок, андагы өзөктүү (этимологиялык) мааниси жана лексика-семантикалык жактан камтылган ой-туюмдары таптакыр өзгөрүлбөй сакталган сөздөр жоолугат. Ошол соз-Шато-Эштек-Солто сөздөрү. Аны автор ушунчалык окумдуу, угумдуу кылып чечмелеген.
Ал байыркы“Сюй Тан-шу” Кытай жазмасындагы: «Шато является отдельным племенем западных тюрок рода Чуюэ»,-деген маалыматты келтирүү менен Шато уруусу “Чуюэ” уруулар Союзунун бир бөлүгү болгондугун белгилейт. Ошондой эле аймагын, «к востоку от Пулэй есть большая каменистая [земля], поэтому, [это племя] называется Шато-тюрк»-, деген аныктаманы көрсөтөт.
Ушул аймакта Кытай императорлорунун саясий жактан алсызданганынан пайдаланып, Шатолуктар (Тагай бийдин урпактары-А. Б) өздөрүнүн саясий абалын чыңдоого жетишкендей. Шатолуктар Ордоско көчүп барып, Тан империясы кулаган соң, Түндүк Кытайда үч мамлекет түзүшкөнү баяндалат: Поздний Тан (923-936-жж), Поздний Цзинь (936-946-жж), Поздний Хань (947-951-жж.). Автор мына мындай кызыктуу маалыматты келтирет:
«Предки императора Чжуан-цзуна (908-926) [первый император государства Поздний Тан, правил в 923-926 годы н.э., был из племени Шато] первоначально именовались Чжуэ… При последуюших поколениях выделились, сами себя назвали Шато и взяли фамилию Чжуэ».
Кроме того, в древнекитайских письменных источниках упоминается что форма «Чжоэ» изменился в форму «Чжуэ».
Как видно, этноним «Шато» в древнекитайских источниках имеет также формы «Чжуо» и «Чжуэ».
Мындан көрүнүп тургандай, “Шато” аталышы байыркы кытай булактарында “Чжуо” жана “Чжуэ” формасындагы аталыштарга ээ болгон. Жогоруда аймактык жана уруулук аталыштарын көрсөттүк.
Эми автордун этнонимдерди лингивистикалык жана генеологиялык аталыштары боюнча талдоосуна көңүл буралы.
Талдоодо “Шато” аталышынын үч формасы чечмеленген: 1-си “эшилген кумдуу тик” (эл оозундагы “эшилме кумдуу тик”-Эштик-Эштек), бул топоним-жер аты Жунгар өрөөнүндөгү кум-шагылдуу түздүгүн билдирери эскертилген.
Азиз окурманым, “Шато” этнониминин экинчи формасынын чечмелениши өтө маанилүү, анткени Кара Кыргыздын ичиндеги “Солто” уруулар тобунун аталышы ушул мааниден келип чыгат. Ошондуктан, автордун оюн так берүү үчүн кайсы тилде жазылса, ошол тилдеги оргиналдан мисал келтирейин.
“Вторая форма этнонима «Шато» – «Чжуо» имеет форму «涿» со семантикой: «бить, стучать, ударять». На праалтайском языке семантическая позиция «бить, стучать, ударять» передается лексемой «*ǯŭgdo», на пратюркском языке – «*jodo» или «jogdo». Таким образом, форма «Чжуо» (涿) переводится на пратюркский язык как «Jod» или «Jogd» с переходом [g] на [j], или на [l]: «Jogd» > «Jojdo» или «Joldo». Древние тогонцы в VIII веке составляли доклад «О царствах и племенах, обитающих на севере». В данном докладе после племени «Суни» в Джунгарии, отмечается племя «Жолто». По нашему мнению форма «Чжуо» (涿) переводится как «Жолто» с переходом [ж] на [c]: «Жолто» > «Солто».” (Источник: А.А; сайт “АП” 2013-г)
Автордун бул илимий көз карашынын далилдүүлүгуңо биздин ишенбегенден башка пикирибиз жок го дейм.
Ал эми “Шато” этнониминин 3-формасы тууралуу: “Третья форма этнонима «Шато» – «Чжуэ» имеет форму «朱邪» со семантикой: «красный отец». На праалтайском языке семантическая позиция «красный» передается лексемой «*kiuru», на пратюркском языке – «*kïr» с переходом [r] > [z]: «Kïr» > «Kïz». Семантическая позиция «отец» на праалтайском языке передается лексемой «*apa», на пратюркском языке – «apa». Таким образом, форма «Чжуэ» (朱邪) переводится как ««Kïz apa» – «Кызыл».
Следовательно, этноним «Шато» переводится как «Эштек»; «Чжуо» – «Солто»; «Чжуэ» – «Кызыл»,-деп жыйынтыктайт(Источник: А.А; сайт “АП” 2013-г)
. .
Ушул жерден биздин Кыргыз элинин Октябрь револциясынан кийин Кара Кыргыз, Кызыл Кыргыз, Койсак (качак) кыргыз делген формадагы 3 аталышы дайыма айтылып келет, бирок оозеки тарыхта да, салттуу илимде да талдоого алынган, бири-бири менен маанисинин-тарыхыйлуулу-
гун чечмелеген ишенимдүү жоопту таппайсың!
“Шато” этнониминин 3-формасында “кызыл ата” семантикалык мааниси жөнүндө сөз болот.
Эл оозунда айтылып келген Элдик оозеки тарыхта-санжырада “Чынжырлуу хандар тукумунун” санжырасы жөнүндо дайыма угуп калабыз, бирок ага да жооп таппайбыз. Эгерде биз Кыргыздын урпактарынын ар кайсы доордо, ар кайсы аймакта, ар кайсы элде, уруулар тобунда бек, бий, хан, шах болгон маалыматтарды чогултсак, чынжырлуу хандардын тукумунун санжырасы түзүлүп калаарына мен колумдагы маалыматтарга карап ишенип калдым.
Азиз окурманым, автордун макаласынын Шатолук императорлордун ысмдарын лингивистикалык талдоого алган 3-бөлүмундө Кыргыздын оозеки санжыра-таржымалындагы “чынжырлуу хандар тукумунун” санжырасынын тарыхын толуктоочу маалымат алабыз.
Макалада: “Отцом первого императора Чжуан-цзуна был Ли Кэюн (李克用). Лингвистический анализ китайской формы «Ли Кэюн» указывает, что иероглиф 李 [lǐ] в древности имел семантику «управитель» т.е. был титулом. Данная семантика на праалтайском языке передается лексемой «*dasa», на пратюркском языке «Jasa». Иероглиф 克 [kè] имеет семантику «сведущий, способный, умный». Данная семантика на праалтайском языке передается лексемой «*bogde», на пратюркском языке – «bögü» и на праалтайском языке – «*ar», на пратюркском языке «ar». Иероглиф 用 [yòng] имеет семантику «правитель». Данная семантика на праалтайском языке передается лексемой «*kioŋi», на пратюркском языке – «kiaŋ». Таким образом форма Ли Кэюн (李克用) переводится как «Jasa bögü ar kiaŋ»,-деп берилет. Андан ары: “Сын Ли Кэюна Ли Цуньсюй правил государством Поздний Тан в 923-926 годы. Его храмовое имя «Чжуан-цзун» (莊宗) имеет семантику «сильный» и «продолжатель рода». Данные семантики на праалтайском языке передаются лексемами «*kü» и «*tog», на пратюркском языке – «kü» и «tog» соответственно. Таким образом, форма Чжуан-цзун (莊宗) переводится как «Kü tog»,-деп анализге алынат.
Азиз окурманым, макаланын толук бөлүгүнүн ссылкасын салам, кенен таанышасыңар.
Биз андан ары кытай императорлорунун ысмдары менен Кыргыз санжырасындагы автор түзгөн кыргызча аталыштарынын салыштырма таблицасына көңүл буралы:
Жогорудагы императорлордун санжырасынын таблицасы. Төмөндө берилди.
(Источник: А.А; сайт “АП” 2013-г)
“Шато” этнониминин жана Шатолук императорлордун ысмын лингивистикалык талдоонун негизинде аталыштардын байыркы кытай формасында камтылган лексика-семантикалык туюмдарынын КыргыздынТагай уруусунун санжырасындагы аталыштардын ой-туюмдарына дал келээри аныкталган.
Автордун салыштырууларында: “«Чуюэ» – «Tiolgu» на праалтайском языке – «Тагай» на кыргызском языке;
«Шато» – «Ešdik» на пратюркском языке – «Эштек» на кыргызском языке;
«Чжуо» – «Joldo» на пратюркском языке – «Солто» на кыргызском языке;
«Чжуэ» – «Kïz apa» на пратюркском языке – «Кызыл» > «Козор» на кыргызском языке;
«Ли Кэюн» – «Jasa bögü ar kiaŋ» на пратюркском языке – «Богорстон» на кыргызском языке;
«Чжуан-цзун» – «Kü tog» на пратюркском языке – «Күл туу» на кыргызском языке;
«Мин-цзун» – «Gün tog» на пратюркском языке – «Күн туу» на кыргызском языке,-деп көрсөтүлгөн.
Төмөндө Автордун санжыралык салыштырма чиймеси берилди: Төмөндөгү чиймелер көрсөтүлгөн.
(Источник: А.А; сайт “АП” 2013-г)
Жогорудагы макаладагы салыштырмалуу талдоолордун жыйынтыгынан көрүгөндой, автор “Шато” этноними Кыргыздын Солто уруу тобуна кирерин аныктайт.
Бизге жогорудагы талдоолор * Чыңгызхандын теги Шатолук Тагай Цин Богорстон тобунан чыгаарын болгоолого (предположения жасоого) негиз берет. Кытайча иероглиф 用 [yòng] байыркы түрк аталышында «kian» формасын берерин көрөбүз. Ал эми "Чынгызхандын зыяда сырында (ССЧ)" мурунку күйөөсүнөн торолгон эки уулу кийинки үч уулдун үйдөгү шыралгага келген мандикер Малик-бай уулунан тууду деген шекке, Чынгызхандын түп Энеси, Бодончардын апасы Алан-гоа эки уулуна: кийинки учөөнүн "хандардын ханынын урпагы" экенин жана Кыргыз (боз) үйдүн түндүгүнөн түшкөн Асман кишисинен (Байыртадан чыгыш кыргыздарында Асман кишиси. Асман аттары, Асман кыздары, же болбосо батыш кыргыздарда Суу кишиси, Суу аттары, Суу кыздары аталат) Нур тундуктон куюлуп түшкөнүн, киндигин сылап, сары ит сымал турундо чыгып кеткенин эскертет. Байыркы Кыргыздар Сууну-Нур аташканын эске алганыбызда Маалик-бай уулунун бел суусунан жаралганын, ал тектүү-түптүү элдин тукуму болорун кыйыр түрдө берип атканын окуйбуз.
Бирок, тарыхчылар Чыңгызхандын элин суу (Моал) эли деп аташат, себебин терең тушундурушпойт. Талдоого алынган макалада байкалгандай, Шатолук императорлор императорлук династиядан чыкканын көрүүгө болот...
Жогорудагы талдоолорубуздан корунуп тургандай, Акеров Табылды агай Кыргызда байыртадан айтыла келген "чынжырлуу хандар тукумунан" болорун байкоого болот?!
Жогорудагы Кытай жазмасындагы "кыян" термини чыгыш наречиеде " кыят" болуп берилиши ажеп эмес. Кыян- кыят башкаруучулардын "Арслан" түшүнүгү сыяктуу эле титул болушу да мүмкүн. Ошон үчүн ал азыркы Кыргыз тилинде Бог- орстон, же тагыраагы Бакарстан болушу иликтөөнү талап кылат Мында тилчи, тарыхчы окумуштуулар илимий негизде иликтеп чыгышса жакшы болмок
Т. Акеровдун тегин, анын каерлигин тактап алдык, эми анын эмгеги тууралуу эки ооз соз. Ал Коомдук иштерге эң активдүү катышкан инсан. Чүйдун аймагын, анын ичинде Бозбөлтөк тоосун айландыра жашылдандыруу иядеясын көтөргөндөдун катпрында журот. Токой чарбасынын кызматкерлери менен бирге ишембилик откөрүп, жашылдандыруу ишин уюштуруп келет.
2023-жылы Элдик курултайдын делегаты катары сөз сүйлөп, шаарыбыздын мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселелерин козгогон.
Ал эми 2024-жылы Октябрда өткөн республикалык илимий конференцияда "Курултай" терминине түшүндүрмо берип, Курултайдын келип чыгышы жана анын өнүгүүсү тууралуу маселени котөрүп сүйлөгөн. Чынында, Курултай сөзүнүн уңгусу "Кур" сөзу, "бекемдөө, орнотуу” ой туюмун камтыйт. Белгилүү окмуштуу Х. Карасаев түзүп, Кыргыз өкмөтүнүн терминологиялык комиссиясы тарабынан бекитилген "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүндө" 230 "Кур" сөзү бар экендиги берилген... Табылды агай "Кыргыз" сөзүнүн этимологиясынан тарта кыргыз урууларынын аталыштарын кенен чечмелейт, муну менен ал Кыргыз тилин мыкты өздөштүргөнүн айгинелейт. Кыргыз тарых- таржымалын кыргызча иликтениши бул китептин өзгөчөлүгүн ырастайт. Анткени, мурдагы араб, орус ж.б тилде изилдеген окумуштуулардын эмгектеринде кыргыз урууларынын аталышы формасы да, мазууну жагынан да озгоруп кеткени чындык. Кыргыз окумуштуусу катары Т. Акеров ага жол берген эмес... (Уландысы бар).
Арап Бакиров, журналист