www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын Тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Аль‑Бусаиди менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана алардын дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү туруктуулукка жана коопсуздукка тийгизген таасири боюнча пикир алмашты.
Министр Ж.М.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Оман Султанатынын жетекчилигине жана элине чын ыкластуу колдоо жана тилектештик сөздөрүн жеткирди.
Кыргызстандын жарандарын Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мекенине кайтарууга көрсөткөн көмөгү үчүн Оман тарапка ыраазычылык билдирилди.
Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында бардык бар болгон карама-каршылыктарды дипломатиялык ыкмалар менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти.