www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта, Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун улуу мурасы” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. 

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, окумуштуулар, маданият ишмерлери, этнодизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана студенттер катышып, улуттук кийимдердин бүгүнкү күндөгү орду тууралуу мазмундуу ой-пикирлерин ортого салышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө, кыргыз элинин ак калпагынын жана кийимдеринин улуттук аң-сезимдин калыптанышындагы ролун өзгөчө баса белгиледи. Калпак жөн гана баш кийим эмес, улуттун сыймыгы экендигин, ошого жараша калпактын төбөсү бийик, кыргактары көркөмдүү жасалгандыгына жана бүгүнкү күндө замандын талабы деген шылтоолор менен ыксыз бурмалоолорду жоготуу керектигине токтолду.  

Ошондой эле улуттук кайра жаралуу доорун куруп, жаңы ысымдарды, жаңы бийиктиктерди жаратышыбыз керек деген оюн билдирди.

Иш-чаранын соңунда ал жалпы кыргызстандыктарды куттуктоо менен бирге, улуттук кийимдерди сактоодо жана өнүктүрүүдө бардыгыбыз бирге аракет кылышыбыз деген ураан сөзү менен аяктады.

 

Последние новости