www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүгүн өлкөдө коррупция гүлдөп турган мезгилде, башка өлкөлөр өздөрүнүн атайын кызматтары аркылуу биздин байлыктарды, мекемелерди жең ичинен сүйлөшүп, сатып алышаары мүмкүн», - деди бүгүн, 18-февралда NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.
- Табылды агай, жаңы бийлик эми иштеп баштаганда бийлик алмаштырууну көздөгөн күчтөр пайда болду. Кыргызстанда революция жасоо адатка айланып баратабы?
- Бүгүн Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндө да абал өтө оор болуп жатат. Караңыз, Украинаны, Белоруссия, Орусияны, Казакстанды баарында тең абал татаалдашып баратат. Мунун эң негизги себеби, СССРде карапайым эл эле эмес, чиновниктердин да байлыгы жок болчу. Жеке менчикке тыюу салынган эле. Ошон үчүн СССР кулагандан кийин бул өлкөлөрдө граждандар бизнес кылууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болду. Батыштагыдай бул жактагы адамдардын ата-бабаларынан бери келаткан жеке менчиги, мүлкү жок болчу. Телчигүү (Биринчи) капиталын (ноу-хау) табуу өтө кыйын болду. СССРдин адамдары жеке менчик эмне экенин билишкен эмес. Ошондуктан, приватизацияга берилип жаткан мекемелерди эч ким албай, алар ээсиз калып, дат басып тура берген. Бирок, Песак программасын ишке ашырыш керек болгон. Ошондо өкмөттөн чиновниктерге, сен ал, сен ал деп жатып, приватизация ишке ашырылган. Себеби, өлкө жеке менчикке өтпөсө, донорлор, эл аралык валюта фонду, дүйнөлүк банк кредит, грант бербейбиз деп коколоп турган. Бизнеске шыгы бар айрым чиновниктер, өзгөчө соода тармагында жана башка кызматтарда иштегендер, өлкө каяка баратканын туура баамдап, айрым ишканаларды, алып калып, ошондон байып алышты. Азыр бардыгыбыз бизнес эмне экенин түшүнүп калдык. Бирок, эски мекемелер эбак башкалардын колуна өтүп кеткен. Көпчүлүгү ит-бекер өткөн. Кийин биринчи бизнесмендер пайда болгондо мекемелерди коррупциялык негизде сата башташкан. Бүгүн алардын баары, тергелбей эле, жалпы коррупционер аталып жатат. Себеби, бүгүн коом өтө чоң дифференцацияга кабылды. Байлар менен жакырлардын айырмасы асман менен жердей. Ортозаарлар да байыгысы келип, өтө байлардын катарына кошулгусу келип жатат. Бирок, тез баюунун бир гана жолу бул бийликке келүү болуп жатат. Бийликке келип, тууган-уругуңду, дос-тамырыңды алып келип, мамлекеттик акырга кол салып, коррупциялык схемалар менен баюу. Мына ушул негизги ролду ойноп жатат. Ошон үчүн кайра-кайра революциялар болуп жатат. Элдин турмушу оңолмоюнча, революциялардан арыла албайбыз. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун биринчи кезекте экономиканы турукташтырышыбыз керек деген чакырыктары жалпы эл тарабынан колдоого алыныш керек. Антпесе, абалыбыз кыйын бойдон кала берет.
- Ошон үчүн 4-октябрдагы шайлоого ат салышкан «Чон казат» саясий партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев байлардын үйүнө 10 миң бала менен барып, «кустурабыз» деген лозунгду бекеринен көтөргөн эмес экен да?
- Негизи кустурабыз деген лозунг менен бийликке келиштин өзү өтө опурталдуу. Себеби, бул акырындык менен «башкача кетип баратат». Кустурабыз бул саясатка айланып, акырындык менен кайра бөлүштүрүүгө өткөндөй сүртүм калтыра баштады. Бул өтө коркунучтуу симптом.
- Сиз 4 октябрда шайлоолор болот, 5 октябрда революция болот деп айттыңыз эле. Мындай пикирди эмнеге таянып айттыңыз эле?
- Жогоруда көтөрүлгөн кустурабыз лозунгу Кыргызстандын Конституциянын эң негизги беренесине каршы келет. Конституцияда жеке менчик кол тийгис. Эч ким жеке менчикти тартып ала албайт. Бардык өлкөлөрдүн конституциясында ушул норма бар. Бирок, минюст, генпрокуратура, Коопсуздук кызматы өлкөдө өтө чоң коомдук диференциация болуп турса да, «Чон казатка» карата эч нерсе кылышкан жок. Чынында мындай лозунг өлкөнү кыйратууга алып келүүсү мүмкүн.
- «Чоң казат» революцияга дем болуп келип, бирок, кыйратып деле эч нерсе жасай алышкан жок го? Бирок, Жумалиевге эле асылып алышты. Максат Мамытканов Жумалиевдин оң колу болгон Т. Токтогазиевдин күйөө баласы дешет. Кыскасы, түрдүү имиштер айтылып, бири Жумалиевдин ЭВМ заводун тартып алып, кытайларга сатышканы жатат дейт. Бири Бакиевдин учурундагыдай кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат дешет. Бул маалыматтардын канчалык чындыгы бар?
- Чынын айтсам, бүгүн биз атамекендик бизнеске өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. Себеби, 30 жылдан бери Кыргызстандын байлыгын, экономикасын, чиновниктерин көпчүлүк өлкөлөрдүн атайын кызматтары изилдеп чыгып бүттү. Бүгүн өлкөдө коррупция гүлдөп турган мезгилде, башка өлкөлөр өздөрүнүн атайын кызматтары аркылуу биздин байлыктарды, мекемелерди жең ичинен сүйлөшүп, сатып алыштаары мүмкүн. Жумалиевди илгертен эле текшерип келе жатышат. Жыйынтыгында, ал өз бизнес проектиси үчүн 16 миллион долларлык кредит алгандыгы, ЭВМ заводун сактап калып, анда бүгүн 700 адам иштеп жатканы белгилүү болду. Жумалиевдин тегерегиндеги маселелер балким, айрым бизнесмендер ошол заводду атайын заказ кылып, сатып алганы жатабы деген пикирди да жаратты. Айрымдар, буга мурда анын колунда иштегендер жана кызматтан айдалгандар кызыкдар болуп жатат дейт. Бири өч алып жатышат десе, бири ЭВМди тартып алып, сатканы жатышат дешет. Бирок, бул өтө жаман көрүнүш болуп жатат. Айрымдар, кайра бөлүштүрүү менен байланыштырып жатышат. Менимче, бул туура эмес болуп жатат. 16 миллион кредит алып, бизнес проектисин кураган бизнесменди банкрот кылып, жок кылуу каралып жатат деп ачык эле айтса болот. Бирок, мамлекет, өкмөт эч ким муну тыя албай, тескерисинче, улам күчөп жатат.
Менимче, кептин баары ЭВМ заводун да болсо керек. Аны чет өлкөлүк бизнесмендер заказ кылып коюшкан. Ошон үчүн баары биригип, Жумалиевди ошол заводдон баш тарттыргысы келип жаткандай сезилип жатат. Же болбосо, Жумалиевди сол чөнтөккө кустуруп алуу каралып жатат.
Себеби, бүгүнкү күндө мурда приватизацияга катышкан чиновниктерди эч коргой албайт. Алардын баарын коррупцияонер атап алып, каалагандай саай берсе болот. Мыйзамдар алар үчүн иштебейт. Башкача айтканда, бүгүн өлкөдө ачыктан ачык эле мамлекеттики деңгээлде буларга карата мошенниктик саясат жүрүп жатат десек болот.
Булак: NazarNews.kg