www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда. 

Маалым болгондой, тургундардын бири Тажикстанга өтүп кеткен ондогон гектер жерлер жөнүндө айтып, аткезчилик маселесин да козгоду. Ташиев аткезчилик токтотула тургандыгын айтты.

"Мындан ары Баткендеги чек арада контрабанда болбойт. Тажикстан жүк келип, эч кандай акчасын төлөбөстөн өтүп кетпейт. Мыйзамдын чегинде гана бардык чек араны "жестко" кармап турабыз. Ал сиздердин сурооңуздар боюнча жайыт жерлер боюнча маселе чечилет. Мына УКМКнын башчысы келип айтыптыр деп угушаар. Коңшу өлкөлөрдү тынчтыкка, ынтымакка чакырабыз. Эгер коңшу өлкөлөр бизге кандай мамиле кылса ошондой мамиле болот. Бул коңшу өлкөлөр өз билемдигине салып, такталбаган жайлоолорго жана жайыт жерлерге биздин элди, малдарды чыгарбай жатышса биз чара көрөбүз. Биз тараптан дагы өздөрүнө жараша жооп болот. Биз дагы эмне кылышты билебиз. Баарыбыз бул боюнча кеңештик. Андыктан бул маселеге тынчсызданбай эле коюңуздар",  - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости