www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ташиев чек араны тактоодо жер алмашуу болоорун, бирок аны түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир да чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи.
«Бул жерден 10 жер алыш үчүн, аркы жагынан эки-үч жер бергенге туура келип атат. Муну силер туура түшүнүшүңөр керек. «Ата-бабам мал багып жүргөн жайлоо эмне үчүн өтүп кетти» деп чыкпай, сабыр кылып туруңуздар. Картаны, документти карап бир чечимге келебиз. Мисалы, Ала-Букадан жер берсек, анын ордуна Сузактан алабыз. Көбүрөөк жер алыш үчүн мамлекеттин бир ууч жерин беребиз. Баары биз ойлогондой боло бербейт, кээде коңшулардын көңүлүнө карап каласың», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал өткөн жылы декабрда Өзбекстандан делегация Бишкекке келип эки күн жүргөнүн айтты. Анда дагы талаш-тартыш түнкү саат 3:00гө чейин созулуп, эки тарапка тең туура келе турган протоколго кол коюлганын кошмчалады.
Аны менен катар мындан ары кыргыз бийлиги Чек ара кызматын күчтөндүрө турганын билдирди.
Мындан сырткары, Ташиев Баткен облусундагы коррупция, контрабанда фактылары аныкталбай жатканына нааразы болду. Бул боюнча бүгүн УКМКнын жана Чек ара кызматынын кызматкерлерине чогулуш өткөрө турганын айтты.
Булак: NazarNews.kg