www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Табылды мырза, жаз келатат, жаздын келиши менен өлкөдө митингдер да башталып кетчү эле. Азыр өлкөдө саясий абал кандай?
— Абал тынч эле. Себеби, С. Жээнбеков өзүнүн шайлоодогу убадасын аткарып, эң алгачкы кадамдарын коррупция менен күрөштөн баштады. Бүгүн ал күрөш уланып, күчүнө кирип олтурат. Бийликтин бул аракеттери коомчулуктун купулуна толуп, колдоого арзып жатат. Бирок, канткен менен саясатчылар ар кандай саясий топторго бөлүнүп, кийинки парламенттик шайлоолорго карата даярдыктарды көрүү максатында бийликке тап берчүүдөй, аны өзүлөрү менен эсептешүүгө мажбур кылчудай түр көрсөтүүгө өтчүдөй абал жараткысы келүүдө. Бүгүн бир нече топту байкоого болот. Мисалы, А. Мадумаров өзүнчө бөлүнүп алды. Курултайчылар деген топ А. Бекназаров жана башкалар Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп кирди. Бабановчулар (республикачылар Р. Казакпаев, М. Сабиров) үчүнчү топту, Атамбаев бешинчи топту түзүп турат. Бирок, азырынча бул топтордун бири-бири менен биригип кетүүчү жалындуу идеялары жок. Анан калса, булардын көпчүлүгү Атамбаев менен биригүүдөн алыс. Анткен менен Атамбаев менен бабановчулар реваншисттик маанайдагы саясий күчтөрдү түзүүдө.
— Мадумаровду Атамбаевге ыктады деп жатышпады беле?
— Жок. Менимче ал бекер сөз. Себеби, А. Мадумаровдун өз электораты бар. Ал таасирин жогото элек. Ошондуктан ага бүгүнкү позициясы өтө ыңгайлуу.
— Эгер аны башка топтор лидер болуп бер деп алдыңкы позицияга түртсөчү?
— Мадумаров лидерликке макул болбойт. Себеби, башка топтор аны алдап лидерликке алып келип алып, өзүлөрү бийлик менен сүйлөшүп, аны критке чабып салышы мүмкүн. Ошого ал оңою менен тигилер менен бирикпейт.
Булак: "Жаңы ордо"