www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында айыл чарба министрлиги берген бир жылдык отчётко эл абдан нааразы. Ооба, ар ким өзүнүн кылган ишин туура деп ойлойт, бирок, бардык нерсени ооз менен эмес иш жүзүндө билгизгендин өзү кандай жакшы тыянак берет. Быйыл дыйкандардын эмгеги талаага кетип, картошкасы сатылбай калганы эле эмне деген айыл чарба тармагындагы мүчүлүштү айгинелеп турат . Айткандай айылчарба тармагында 4700 киши эмгектенет. Бул эми, “ушунча киши айлык алып иштейт” дегенди билдирет. “Көп суур ийин казбайт, ийин казса терең казбайт” деп айтылган макал ушуларга карата айтылгандай белги берет десеңиз.
Деле союз тараганы айыл чарба жагына карта жагымдуу сөз айтылбаса керек. Бирде кызылчанын, бирде картошканын азабын тарткан эле дыйкандар. Мал чарба жагындагы кемчиликтер албетте чоң үшкүрүктү пайда кылат. Азыр жүн -терилерди иштетүү меганизими иштебей, терилер талаага ыргытылып ит кушка жем болууда. Мындай кем карычтарды айтсак сөз аягы түгөнбөйт. Бирок “баары жайында, кыйратып жатабыз” деп отчёт бергени бул эми илгерки бригадирдин калпындай эле калп болуп калгансыды.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg