www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кайда барба мамайдын көрү” деп айтылгандай, учурда кайсы мекеменин имараты ремонт болсо, ал жерде сөзсүз акча жемей болот деп ишенимдүү эле айтсак аша чаппайбыз. Баарына токтолуп олтурбай эле шаарыбыздын борборунан орун алган Улуттук музейди ремонт кылышканда, үлкөндөр 118 миллион сомго маалекетке зыян келтиришкен. Бул эми эмне деген уяты жоктук экенин айтпасак деле түшүнүктү болуп жатпайбы.

Ушунча акчага чыгышы кылган кылмышкерлерди карабай чоңдор эмне кылып жүрүштү?- деген суроого жооп табуу албетте чоң эмгекти талап кылат. Андыктан, ичтен сызып эле олтуруп бергенибиз жөндүү. Анткени карга карганын көзүн чукубайт болуп, бул чоң өлчөмгө өкмөттү чыгыша кылган акчаны оптом жешти болушу керек. Болбосо, эчак эле дайыны билинмек эле, арадан канча убакыт өткөндө гана билингенине караганда “Уурунун жолу кууш” деген сөз да туура айтылгандан белги бергенсийт.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости