www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбек Сарпашев 9-декабрда дагы сурак берет

Мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев буга чейин айтылган 530 гектар жерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жери мыйзамсыз ээ болгон мүлктөрдү кайтаруунун 1-этабынын негизинде ишке ашып жатат.

"Каржы полициясы кайтарылган жерлердин жакыр үй-бүлөлөргө бөлүнүүсүн көзөмөлгө алат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Сарпашевдин калган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жаткандыгы жана 9-декабрь күнү кайрадан суракка чакырылгандыгы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости