www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узакка созулган жаңы жылдык эс алуулар россиялыктардын ден соолугуна жана экономикага терс таасирин тийгизет. Буга байланыштуу мындай дем алыштан толугу менен баш тартуу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко билдиргенин РИА Новости жазды.

"Силер Склифосовский институтуна кайрылып көргүлө, алар январдын биринчи декадасы Тез жардам кызматы үчүн абдан оор мезгил экенин айтып беришет. Себеби ичимдекке уулангандар жана мас абалында жаракат алгандар көбөйөт. Эгер статистика кайсы бир учурда азайган болсо, демек, көптөр жаңы жылда чет өлкөгө чыгып кетишкен. Быйыл мындай болбойт", — деди Онищенко.

Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү өлкө экономикасы үчүн дагы терс таасирин тийгизерин белгилеген.

"Дүйнө жүзү Жаңы жылды тоскондон кийин эле ишке кайтат. Биз болсо бир декада бою эс алып жатабыз. 31-декабрды дем алыш кылалы. Себеби бул күнү баары бир эч ким иштебейт. 90-жылдары адамдарга айлык төлөнбөй калган, ошондо эс алуулар узакка берилчү. Азыр мындай дем алыштардын кандай кажети бар?" – деди Онищенко.

Эске салсак, өткөн жылы кыргызстандыктар 10-январга чейин эс алышкан. Быйыл болсо жаңы жылда үч күн катары менен эс алары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости