www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Тайырбек Жумашбек уулу коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирет.

Маалым болгондой, спортчу 61 килограмм салмак категориясында беттешип, алгач азербайжандык балбынды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып, жеңилип калган.

Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу жапониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости