www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Илон Маск менен жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Нью-Йоркто X (мурдагы Twitter) социалдык тармагынын жетекчиси Илон Маск менен жолугуп, өлкөнүн өнөр жайына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу Түркиянын президенттик администрациянын байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Тайып Эрдоган Нью-Йоркто Илон Маск менен жолугушууда америкалык ишкердин өлкөгө пландаган инвестициясын талкуулоо ниетин билдирди. Буга чейин Эрдоган Маск менен БУУнун Башкы ассамблеясына катышуусунун алкагында Нью-Йоркто жолугушуу өткөрөрү кабарланган.

"Президент Тайып Эрдоган Нью-Йоркто Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскты кабыл алды. Tesla`нын түрк рыногуна киришине байланыштуу Эрдоган компанияны Түркияда жетинчи заводун ачууга чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эрдоган Маскты Измирде өтө турган Teknofest технология фестивалына чакырып, Digital Türkiye концепциясы жана улуттук жасалма интеллект стратегиясы тууралуу сөз кылды.

"SpaceX менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү түрк космостук программасынын алкагында жасалган кадамдардан улам пайда болушу мүмкүн", — деп айтылат Түркиянын президентинин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости