www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы “Таксим” кафесин иштеткен, түрк ишкери Али Ифлазоглу жергиликтүү басылмалардын бирине депутат Камчыбек Жолдошбаевдин адамдары өмүрүнө коркунуч жаратып жаткандарын айтып кайрылган. Анын айтымында ага ар түрдүү адамдар телефон чалып, өлтүрүп кетебиз деп коркутууда.

“Мен 10 жыл мурда Октябрь кинотеатрынын жанында жайгашкан, “Балтика” деген кафенин ордун ижарага алгам. Айына ижарага 20 миң сомдон төлөп келем. Бирок эч кандай дүмүрчөк беришпейт. 2017-жылы кафени кеңейтейин деп, жердин ээсине кайрылгам. “Бишкек башкы архитектурасынан” муниципалдык жерди ижарага кошуп алыш керек болчу. Жердин ээси Чынара Султанбекованын атасы Эрнис менден 70 миң доллар алып, документтерди бүтүрөм, сен сала бер деп айткан. Мен акчаны берип, курулушту баштагам. 2018-жылы Бишкек мэриясынын кызматкерлери келип, мыйзамсыз курулуш кылыптырсың деп, кафенин жаңы эле кеңейтилип салынган бөлүгүн түрттүрүп салышты. Мен Эрниске барсам эч кандай документтерди бүтүрбөптүр. Мен сенден эч кандай акча алган эмесмин деп койду”, - дейт Али Ифлазоглу.

Түрк ишкеринин айтымында ага азыр ар түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Атүгүл өмүрүнө кол салуу болуп, мыйзамдан корпогон адамдар ишкерди травматикалык тапанча менен атып кетишкенин айтат.

“Бир машина келип токтоп, ичинен бир нече албурлуу жигиттер түштү. Кафе жөнүндө сүйлөшүү керек деп, коркута баштап, бутума травматикалык тапанча менен атып жиберди. Мен түркиядагы туугандарым сарсанаа болбосун деп, эч кимге айтканым жок. Ал адамдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин дагы балдары бар болчу. Себеби ал “Таксим” кафесин сүздүрүп, бул жерге бизнес борбор салгысы келип жатат. Мен кафени салуу үчүн Түркиядан ири суммадагы насыя алгам. Дагы эки жыл төлөшүм керек. Ошондуктан айлам кетип жатат дейт”, - түрк ишкери.

Али Ифлазоглунун айткандары канчалык деңгээлде чындыкка дал келет азырынча белгисиз. Бирок, мындай ушак айыңдарга эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаевдин да үн катпай келгени ар түрдүү ойлорго кептейт. Эгерде депутат Камчыбек Жолдошбаев бул окуя тууралуу өз оюн билдиргиси келсе, редакциябыз анын да окуяга тиешелүү вариантын угууга дайым даяр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости