www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлтүрүп, өлүгүн "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаанын багажына салып кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган маркум К.Х.А. Чүй облусунун жараны, ал таксист болуп иштеп келген, ошондой эле бандеролдорду да ташып жүрчү.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну, мурда уурулук жана зордуктоо боюнча соттолгон Б.Ч. жана 32 жаштагы Ош облусунун И.А. аттуу тургуну, ал мурда баңгизатын сактоо жана аткезчилик менен соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр 2018-жылдан бери жатак абакта жазасын өтөп келишкени аныкталган. Учурда бул ишке шектелип дагы бир жаран изделүүдө. Ал Ош облусунун 28 жаштагы М.А. аттуу тургуну. Ал да мурда "бейбаштык" беренеси менен соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости