www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өз учурунда кирешелүү делген тармактарга жалаң өзүнүн «коюнунан» чыккан кадрларды койгон эмеспи. Натыйжасында коррупциянын чеги туу чокуга чыкканы эки жылдан бери тастыкталууда. Аны ЖЭБ, музей, ат майдан ж.б. тармактардан көрдүк. Азыр С.Исаков, А.Калиев, К.Кулматов, А.Ибраимов, О.Артыкбаев.Ж.Сатыбалдиев ж.б. үстүнөн соттук иштер жүрүүдө, шопуру И.Илмияновго өкүм чыкты. Майлуу кызматтарга келген кадрларынын бири - Эсеп палатасын тескеп олтурган Улукбек Марипов деген эргул. Кезинде бул «бөлтүрүктү» АША жардамчы кылып жүрүп такшалтып, 2016-жылы аталган тармакка мингизген.

Ошол жылдан бери коррупциянын катыгын берип жатат, анысы кол алдындагылардан булайып чыгууда. Факты менен айтсак, 2017-жылы июнь айында Эсеп палатасынын эки аудитору ири өлчөмдөгү акчаны алып жаткан учурда кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө алар коррупциялык аракеттерди такай жасап келгени аныкталган. Быйыл 29-июлда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинде иштегендердин финансылык мыйзам бузууларга барган фактысын жашырып койгон Эсеп палатасынын инспектору УКМК тарабынан кармалды. Андан көп өтпөй 14-августта Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган Эсеп палатасынын Э.К. аттуу инспектору кармалып отурат. Ал эми Марипов болсо Эсеп палатасын «майкандап» олтурат. Абийири болсо, «мен Атамбаевдин көздөй кадры элем, жетекчи болуп олтурганга моралдык укугум жок» -деп, эшикти «тарс» жаап басып кетмек, -деп "De-Факто" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости