www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Ковид боюнча акыркы абалга кандай ойдосуз? Жайылып кеткен “омикрон” штаммы тууралуу да пикириңизди уксак?
-- Албетте, ковиддин аз болгону баарыбыздын каалообуз, тесттердин санын балдарда, жалпы элде жасасак дагы азаят. Дагы орчундуу жагдай – диагностика, кээде анализдерди жөнөтүп, 20-30 күндөн кийин жыйынтыгын алабыз.
Анча убакыттан кийин ал жыйынтык жарандарга же конкреттүү сыркоого кереги жок. Бул көйгөй тезинен чечилиши керек. Пандемия – дүйнөлүк апаат. “Кудай сактап, бизди аттап өтүп кете берет” деген жаңылыш ой.
Буга бир катар өлкөнүн азыркы абалы күбө. Алар Грузия, Европа, Молдова жана Түштүк Корея. Учурда Кореяда акыбал оор, медиктер жетпейт. “Медперсоналдар жетишпей жатса, койка ачышат” деп медиктер өкмөткө нааразы. Мындай кайчы пикир аз эмес.
-- Эмдөө темпи бизде төмөндөй...
-- Эмдөө темпи өтө төмөн. Эми бул маселе мамлекеттик деңгээлдин кароосунда болуп, жаңы чечимге муктаж. Кечээ жакында эле үлгү көрүнгөн өлкө Түштүк Корея медициналык системанын коллапсынын босогосунда турат.
Ар бир жаранды, мамлекеттик кызматкерлерди, айрыкча саясатчыларды ковидге каршы жоопкерчиликти сезип, жалпы дүйнөлүк күрөшкө көмөктөш болуусуна чакырам.
-- "Омикрон" тууралуу фактылар
-- 2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген.
Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителаларына туруктуулугун көрсөтүп турат.
Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга али эрте экени айтылат. Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган.
Учурда аталган штаммдын 60тан ашык мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Эске салсак, Кыргызстанга 1-декабрдан тарта коронавирустун жок экендигин көрсөткөн анализ менен кире алышат.
Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек. Кечээ Улуу Британияда "омикрон" штаммы жугуп, бейтап каза болгон биринчи учур катталды.
Булак: Азия News гезити