www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыркы учурда өлкөбүз өнүгүү жолунда кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатат.

2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү баарыбызга белгилүү окуялар коомчулук кескин жана системалуу кайра өзгөрүүлөрдү талап кылгандыгын ачык эле көрсөттү.

Коррупция, кландар жана өнүкпөгөн партиялык система акыркы жылдарда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн токтотуп жаткан башкы деструктивдүү факторлордон болуп калды. Өлкөгө кыйла натыйжалуу болгон мамлекеттик башкаруунун моделин иштеп чыгуу аркылуу жаңылануу зарылдыгы айкын болду.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, ал коомчулукта чоң талаш-тартыштарды жаратты. Үч элдик толкундоолорду башынан өткөргөн өлкө катары биз жарандардын бардык айтып жаткан пикирлерин түшүнүү менен кабыл алабыз.

Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн баса белгилейм.

Буга байланыштуу Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн конституциялык кеңешме түзүлдү. Мен Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары тийиштүү Жарлыкка кол койдум.

Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөтүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

Конституциялык жыйындын иши максималдуу түрдө ачык-айкын жүргүзүлөт.

Ар бир жарандын пикири эске алынып, өлкөнүн бардык элин бириктирүүчү фактор, республиканын мындан аркы өнүгүүсүнүн кепилдиги боло турган Баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгабыз деп ишенемин».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости