www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сеулда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Биз Сеулда коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну болуп жатат деп эсептейбиз. Себеби, февраль айынан март жана август айларына чейинки байкоолор бүгүнкүдөй жыйынтыкты көрсөткөн", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, өлкөдө беш баскычтуу социалдык аралыктын системи колдонулат. Саламаттыкты сактоо министрлиги муниципалдык бардык органдарга социалдык аралыктын деңгээлин жөнгө салуу боюнча өз аймактарындагы кырдаалды жакшыраак чечүү үчүн талаптарды койду.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде күнүнө 300 адамдан коронавирус илдети аныкталып жатат. Сеулда бир күн мурун COVID-19дун 218 учуру катталган, бул август айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Эске сала кетсек, октябрь айынын ортосунан баштап, өлкө эң төмөнкү көрсөткүчтөргө жеткенин, анда күнүнө коронавирустук инфекциясы 60-150 адамдан аныкталып турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости