www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамытовдун куттуктоо сөзү:

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан символикалуу күн.

Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк турмушубузда маанилүү орун алды.

Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларын коомчулукка чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышат.

Технологиялардын өнүккөн учурунда жашообузду маалыматсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор.

Мамлекетибиздин туура багытта өнүгүүгө жол алышында коомду калыс маалымат менен камсыздоо, келечек муундардын аң-сезимине, дилине руханий баалуулуктарды терең сиңирүү башкы максат. Мына ушул милдетти  ишке ашыруу сиздердин чыгармачылык дараметиңиздерден түздөн-түз көз каранды.

Кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот деп бекем ишенем.

Түйшүктүү, ары татаал ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди, заман талап кылган жаңыча көз караштарды, талбай изденүүлөрдү каалайм.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш тилейм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости