www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө август айынан бери биринчи жолу немис канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөштү.

Маалыматка караганда, анда негизги сөз Тоолуу Карабактагы жагдай тууралуу болду. Анда "тараптар куралдуу кагылышта жапа чеккен элдин маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти" деп айтылат.

Эки лидер андан сырткары Донбасстагы жаңжалга токтолушту. "Путин анда Минск келишими маанилүү экенин белгиледи", деп жазылат Кремлдин сайтында.

Бул маалыматта Путин менен Меркел орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тууралуу да сөз кылганы айтылган эмес. Немис өкмөтүнүн өкүлдөрү "РИА-Новости" агенттигине орус оппозициячыл саясатчысы тууралуу да жагдай талкууланганын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости