www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талаш жерлер өзүбүздө калабы же Өзбекстан алабы?

Ислам Каримовдун жан таслим болгонунан бери деле беш жыл өтүп, Шавкат Мирзиеев экинчи мөөнөткө президент болуш үчүн, 2021-жылдын күзүндө даярдана баштады. Ашына Өзбекстандын биз менен чек арасынын узундугу 1378 чакырым, азырынча анын орчундуу тилкелериндеги чек ара сызыгы толугу менен тактала элек. Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында жана Өзгөндө жайгашкан жерлер. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагындагы жана Баткендин Сох анклавынын айланасындагы участоктор. Жалпысынан 36 участок калган.

Ислам Каримов

Чейрек кылым Өзбекстанды жетектеп келген Ислам Каримовдун «муздак» саясаты бир гана Кыргызстанды эмес, көпчүлүк КМШ мамлекеттерин «ичиркентип» келген. «Лед тронулся» -деп койот орус калкында, Шавкат Мирзиеевдин келиши менен «ичиркенип» келген «муз эрип» Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилип жатканы элди кубандыра баштаган. Өзбекстанда Ислам Каримов өкүм кылып турган мезгилде чек арада, Аксы тараптагы Он-Кыр (Унгар) тоодо дайыма чыр чыгып турар эле. Ал эмес Баткен согушу убагында Каримов аларга бараткан можахеддерге шылтоолоп кыргыз айылдарын бомбалап жиберген. Биздин ал кездеги президент Аскар Акаев мылжыйып күлүп гана койгон. Чек ара маселеси тез арада чечиле турган маселе эмес. Ал көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилет. Чек араны бир күндө коррупцияны жарым саатта чечип койом деген өзүн чечен санаган Акаевдин эмне кылганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Чек ара чечүү жолун кээ бирөө такталбаган аймакты кошуна мамлекетке берүү деп билет, Каркыраны казактарга берип жиберген сыяктуу.

Шавкат Мирзиеев

Кыргыз-өзбек эли 25 жылдан бери күтүп, самап жаткан кагаздардын маанилүүсүнө Алмазбек Атамбаевдин учурунда кол коюлган. Ушуну менен чек аранын 85% бекитилип, жол ачылган. Чындыгында эки өлкө ортосунда бир туугандык мамиле болушу керек. Эмнеге дегенде биз бир мамлекет болгонбуз, абдан чоң аймакты камтыган Кокон хандыгы болгон., кийин СССР. 1991-жылга чейин бизде такыр чек ара болгон эмес. Качан чек ара пайда болгондо эки өлкөнүн тең аймагында жашагандар үчүн көп көйгөйлөр пайда болду.

Мирзиеев чек ара маселесин толук чечүүгө болгон аракеттер токтобой турганын кошумчалаган. Шавкат мырза өз сөзүндө чек ара бекеттерин толук ачып, эки өлкөнүн жарандарынын эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө умтула турганын, чек ара бекеттери достуктун бекети болушу керектигин да белгилеген. Өзбек президенти Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого алаарын жарыялап жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан мурун, Анжиян-Ош-Кашгар автожолун салууну сунуштаган:

-  Биз чоң топтогу ишкерлерди ала келдик. Алар да мындан ары өздөрү карым-катнаш түзгүдөй болушу зарыл. Биз транспорттук коридор боюнча сүйлөштүк. Бул ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча. Ага чейин биз унаа жолун курушубуз керек. Анжияндан Ошко, андан Эркечтам аркылуу Кашкарга чейин жол салышыбыз керек. Бул эң кыска жол болот. Мына, саясий эрк бар. Алмазбек Атамбаев бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек.-деген.

Көк-Таш

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Анын маалыматына караганда, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес. Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы тиешелүү адамдардын айтымында такталбаган аймакка өтүп кеткен. Издеп барган ээлери да ошол аймакка кирип калгандыктан, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен түшүнбөстүк келип чыккан. Кандайча такталбаган жер ал жерди сатып жиберишип анан эле такталбаган жер болуп калабы каякты карап отурушат жеп ичер депутаттар же иштеп жыргатпадынар же чек араны чечише албадынар канча жылдан бери бийликтегилер ойлонгончо чек арадагы жерлерди казак, кытай, өзбек, тажик тосуп алмай болду. Чек ара бүтпөй жатса жалдырап отура беришет. Өкмөт башчысы баш болуп, депутаттары төш болуп, акча,мансап, бийлик талашып өлүп кетишет. Мирзиеев президент болгону өзбек-кыргыз чек арадагы тиреши тынчып калды эле, калп эле элге тактала элек деп Атамбаев убагында тактайбыз дегени кайда? Эмне эле ал кайра - кайра эле Өзбекстанга барып, Мирзиеев менен кучакташа баштаган.

Ушщул маселе боюнча эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жооптуу аткаминерлери жолугушуп, маселени талкуулашкан. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Чечме

Отуз жылга жакын убакыт болсо да Кыргызстандын жарымы же Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек аралар али такталып бүтө элек. Атамбаев мамлекет башында турганда депутат Улукбек Кочкоров ушул маселени көтөрүп киргенде, ал кездеги Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кетмейин Сох маселеси чечилбейт деп агынан жарылган. Ислам Каримовдун көзү өткөн соң Өзбекстан менен болгон чек ара такталып 80 пайызы чечилип, 20 пайыз талаш –жер сүйлөшүулөрдөне соң чечиле турган болгон.

Сүйлөшүүлөр узакка созулуп кеттиби, же чек арага жооп бере турган экс- вице –премьер Мадумаровдун шалаакылыгынан Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деп, сөз талашкандан чыккан. Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдаган. Өзбекстан менен чек ара маселелерин тез арада чечүү мезгилдин талабы болуп калган. Ошол кезде Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор эле. Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор эле. Таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктаган эмес.

Р.S. Президенттердин Ташкендеги жолугушуусу жемиштүү аяктап чек ара маселеси тезирээк биротоло чечилсе экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости