www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июнда, Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин отуруму өтүүнүн алдында турат. Отурумга Түркмөнстан, Казакстан, Азербайджан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия мамлекетинен келишти.
Кезектеги отурумга ТүркПанын учурдагы төрагасы, Казакстан Респубуликасынын Парламентинин Мажилисин төрагасы Ерлан Кошанов куттуктоо сөз сүйлөп, ТүркПанын Төрагалагынын тапшыруу аземи болуп өтөт.
Андан соң, Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов жаңы кызматка кирген ТүркПанын төрагасы катары кезектеги куттуктоо сөзүн сүйлөйт.
Күн тартибиндеТүркПАда Казакстан Респубилкасынын Парламентинин төрагалыгынын жыйынтыктары боюнча отчет, ТүркПА катчылыгын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту бекитүү, 2021-жылдагы ТүркПА катчылыктын бюджетинин аткарылышынын боюнча отчетун бекитүү, “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын” аталышын “Түрк мамлекеттердин парламенттик Ассамблеясы”, деп аталышын өзгөртүү, ТүркПАнын туусун жана логотибин бекитүү, ТүркПАнын 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасы жана он сегизге жакын маселелер каралат.
Эске сала кетсек, кечээ 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин отурумдарына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.
Жолугушууда боордош эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Белгилей кетсек, бир нече мүнөттөрдөн кийин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму башталуунун алдында турат. Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүүнүн алдында турат.
Урматтуу NazarNews маалымат агенттигин окурмандары кезектеги жыйындан кызыктуу жаңылыктарды сиздерге кабардар кылып турабыз, биз менен бирге болуңуздар! Баса, 7 мамлекет катышкан жыйын кыргыз тилинде өтөт. Андыктан адашып айтылган сөздөр болбойт деген үмүт менен күтө туралы!
Булак: NazarNews.kg