www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» Тажикстанга кол салууга толук даяр. Бул тууралуу «Reverse Side of the Medal» Telegram-каналы талибдерге шилтеме берип жазат. Маалыматта - “Ансаруллах жамаатынын” башчысы Махди Арсалан Тажикстанга кирүүгө даяр”, - деп айтылат. Эске сала кетсек, буга чейин ал Тажикстанда “Халифат” куруу ниети бар экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик талибдеринин лидери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарынын башчысы болуп дайындалган. Учурда “Ансаруллах” тобу Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагынын жана Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районунун бир бөлүгү болгон Дарваз аймагы менен Ооганстандын чектешкен аймактарын көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин түндүк-чыгыш Бадахшан аймагынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмади Ооганстандын жаңы бийлиги Тажикстан менен чектеш аймакка согуштук жүрүшкө жөнөтүү үчүн атайын топ түзүлгөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы мамиле талибдер бийликке келгенден тартып бузула баштаган. Ал эми сентябрь айынын соңунда БУУнун Баш ассамблеясында Эмомали Рахмон Ооганстанда эркин шайлоо өткөрүлүп, өкмөт өлкөдө жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнөн түзүлүшү керектигин айткан. Ошондон тартып, эки өлкө ортосундагы мамиле кыйла чыңала баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости