www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ армиясын Борбор Азия республикаларына жайгаштыруу боюнча Москванын чечкиндүү позициясын эске салды. Лавров Европалык бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандан аскерлер чыгарылгандан кийин Америка контингентин Борбор Азияга жайгаштыруу маселесин көтөрдү.

"Биз батыштагы бардык кесиптештерибизге Ооганстандагы аскердик инфраструктураны Борбор Азия республикаларына которууга же жаңы аскердик инфраструктура түзүугө каршы экенибизди дайым эскертип келебиз", - деди дипломат.

Лавров белгилегендей, мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чон коркунуч жаратат, анткени ал башка өлкөлөрдү автоматтык түрдө "террорчулардын бутасына" айлантат. Ошондой эле, орусиялык саясатчы АКШнын ооган качкындарына карата саясатын кескин айыптады.

"Учурда көбү Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанды качкындарды бир-эки айга алып тургула, анан биз аларды өзүбүзгө алабыз, биз аларга документтерди даярдашыбыз керек деп көндүрүп жатышат. Эгерде алар көп жылдар бою батыш өлкөлөрү менен - америкалыктар жана башкалар менен кызматташса - документтерди даярдоого эки ай керекпи?" - деди Лавров.

Москва үчүн, биринчи кезекте, өзгөчө Оогастандагы абалдын курчушуна байланыштуу, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуулугу маанилүү, деп жыйынтыктады Лавров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости