www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так талаштан да татаал жер талаш...

Жер бетинде адамзат жаралганы, тиричилик арта баштаганы бир-бири менен болгон кагышуулардын, катуурак айтканда согуштардын жаралуусу, негизинен, жер талаштан же кимдир бирөөнүн жерине көз арткандан болуп келгени тарых барактарынан белгилүү.

Жер талаш демекчи, Жапониянын жаңы премьер-министри Фумио Кисида: “Территориалдык талаштагы аймактар маселеси чечилмейин Орусия менен эч кандай тынчтык келишимине кол коюлбайт”, - деп билдиргенин Кyodo News агенттиги жазып чыкты.

Фумио Кисиданын жапон парламентинин трибунасынан айткан бул билдирүүсүнүн өзөгү далай убакыттан бери эки өлкө ортосунда талаш-тартыш жаратып келген Курил аралдары тууралуу айтылганы. Бул тууралуу мындан эки күн мурун дагы В.Путиндин туулган күнү болду деген 7-октябрда Фумио Кисида Орусиянын президенти менен болгон телефон аркылуу сүйлошкөндө козголгону айтылган.

Күн Чыгыш өлкөсүнүн талашы жана максаты учурда Орусия мамлекети ээлик кылган Түштүк-Курил кыркасына кирген Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдары Жапонияга таандык экенин дээрлик эки кылым мурун,(1855-жылкы) эки тараптуу келишимге таянуу менен  билдирип келет.

Эки өлкө ортосундагы жер талаш тууралуу тарых барактарына үңүлүп көрсөк, 1956-жылы СССР менен Жапония ортосундагы декларацияга кол коюлуп, СССР тараптан тең бөлүшүп алуу, жана ошону менен маселеге чекит коюу тууралуу сунуштар болуп, бирок жапон тарап жарым-жартылай мындай сунушка макул болбой койгонун эстесе болот.

Учурда бул жүйө тууралуу Москванын туруму аталган жерлер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин курамына толук өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости