www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда бийликке келген "Талибан" кыймылы январдын башында Казакстанда орун алган башаламандыктарга катыштыгы бар деген доманттарды четке какты.

Бул тууралуу кыймылдын маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдирди.

“Бир катар маалымат каражаттары орус расмий адамдарга шилтеме жасап, Казакстандагы башаламандыктарга айрым ооган жарандары да катышканын жазышууда. Биз мындай дооматтарды чечкиндүү түрдө четке кагабыз. “Ооганстан Ислам Эмираты” эч кимге ооган аймагын башка өлкөнүн зыянына пайдаланууга же башка мамлекеттердин иштерине кийлигишүүгө жол бербейт жана буга эч кандай далил болгон эмес”,-деди Талибандын өкүлү.

Ошол эле учурда Мужахид талиптер башынан эле “Казакстандагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө” чакырып келгенин эске салып, “Ооганстандын аймагынан башка өлкөлөргө эч кандай коркунуч жок экенин” дагы бир жолу белгиледи.

10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы башаламандыктарга көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Ооганстандан жана Жакынкы Чыгыштан келген чет элдик согушкерлер катышканын билдирген.

Эске салсак, 2-январда Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу митингдер башталган. Көп өтпөй өкмөт отставкага кеткен. Бирок нааразылык акциялары башаламандыктарга айланып, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Президент Токаевдин өтүнүчү менен руспубликага ЖККУ бейпилдик күчтөрү кирген. Ошентип 13-январда президент өлкөнүн көпчүлүк аймактарында антитеррордук операция аяктаганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости