www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эгерде Садыр Нургожоевич бул темир жолдун курулушун ишке ашыра турган болсо, чоң утушка ээ болот», деди бүгүн, 3-февралда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.
- Улукбек мырза, Кыргызстандагы акыркы окуялар эгемендъъ мамлекет, көз карандысыз саясатка багыт алганыбызды айгинелейби?
- Кыргызстанда биринчи жолу «Кумтөр» алтын кенин элге кайтаруу жаатында реалдуу аракеттер башталды. Ошондой эле өлкөнү отуз жылдан бери талап-тоноп келе жаткан коррупционерлерге каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат.
Президенттин бул аракеттерин чыныгы көз карандысыздыкка карай кадамдар ташталды деп түшүнгүм келет. Ошон үчүн мамлектетин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иштерди, демилгелерди баарыбыз колдоого алышыбыз керек.
Эгемен тарыхты карай турган болсок, бир дагы президент бизден чоң держалаварга карап кылчактабай, өз алдынча саясат жүргүзө алган эмес. Ошон үчүн 30 жылга чукул өнүгүү жолуна түшө албай, ордубуздан жылалбай келдик.
Чынында бизге ишарат кылып, багыт берген «агалар» бизди артта калган мамлекет бойдон калып, дайыма жалдырап, тилемчиге окшоп жардам сурап турушубузду каалашат. Бүгүнкү күндө ошол күн карама саясаттан кутулууга, Кыргызстанды чындап көз карандысыздыкка жеткизүүгө болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калышыбыз керек.
- Алкандай мүмкүнчүлүк?
- Ондогон жылдардан бери Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу эң жогорку деңгээлде талкууга алынып келе жатат. Бул темир жолунун курулушу Кыргызстанга өтө пайдалуу экендигине карабастан, бир да бийликтин аны ишке ашырууга эрки жеткен жок.
Эгерде Садыр Нургожоевич бул темир жолдун курулушун ишке ашыра турган болсо, анда Кыргызстан экономикалык жактан да, саясий жактан дагы чоң утушка ээ болот. Тагыраагы, чөлгө суу алып келгенге барабар иш жасалат. Эң негизгиси кайыр сурап бирөөнүн көзүн караган күндөр артта калат!
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биз үчүн «Кылымдын долбоору» экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Президент Садыр Жапаров бүгүн үч күндүк визит менен Кытай Эл Республикасына барат. Эгерде, ажо сапар алкагында бул маселени кыргыз элинин пайдасына чече турган болсо, тарыхый кадам жасаган болот. Аты Кыргызстанга чыныгы көз карандысыздыкты алып келген ажо катары түбөлүккө сакталат.
- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, ал иштин ишке ашышына тоскоолдук жаратуучулар да чыгат го?
- Туура. Биздин көз карандысыз мамлекет болушубузду каалабагандар толтура. Ошон үчүн президент бул ишке батыл киришсе, ага тоскоолдук жараткандарды Кыргызстандын чыныгы патриот уул-кыздары карап турбайт. Болушунча колдошот.
Президентти коргоого алышат. Эгерде президент бул ишти аткара албай турган болсо, мурдагы, колунан эч нерсе келбеген ажолордун катарын гана толуктайт. Келип кеткен президент катары гана эл эсинде калат. Ошон үчүн мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, тарыхта жакшы жагынан кала турган болушу керек.
Булак: NazarNews.kg