www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасында 27-январда болгон окуя боюнча Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду. Аны 3-февралдагы парламент отурумунда депутат Камила Талиева окуду.
"Эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, ынтымак, коңшулаштык жана өз ара колдоочулук мамилеге каршы келген кезектеги чек ара жаңжалына олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз.
Боордош элдин ортосунда адам жоготууларына жана карапайым калктын азап чегүүсүнө алып келүүчү чек ара жаңжалдары болбошу керек", - деп айтылат кайрылууда.
Депутаттар эки өлкөнүн парламенти мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо ишин жөнгө салууга жана тездетүүгө өбөлгө түзүш керектигин белгилешкен.
Булак: NazarNews.kg