www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибандын жогорку лидери Хайбатулла Ахундзада Ооганстандын Кандагар шаарындагы медреседе биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги билдирди.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесине байланыштуу сүрөткө жана видеого түшүүрүүлөр болгон жок. Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Талибдердин лидери эч кандай саясий билдирүү жасаган эмес. Ахунзаденин сөзүндө диний билдирүү болгон.

Эске слсак, Ооганстандагы кырдаал Америка өз аскерлерин өлкөдөн чыгарып кеткенден кийин кескин курчуган. Ошондон кийин согушкерлер ири чабуулга өтүп, бир айдын ичинде өлкөдөгү бийликти басып алышкан. Талибан өкмөтү азырынча тааныла элек. Буга карабастан согушчандардын лидерлери башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бир нече жолу жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүшкөн.

*  — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости