www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия Ооганстанга 50 миллион фунт стерлинг (69 миллион доллар) гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу 31-октябрда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылат.

Бул каражат 2,5 миллион ооган атуулуна азык-түлүк, дары-дармек, баш калкалоочу материалдарды жеткирүү аркылуу жардам көрсөтүүгө жумшалары белгиленген. Аялдарга жана кыздарга жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Каражаттар Джонсон сентябрда жарыялаган 286 миллион фунт стерлинг (390 миллион доллар) куткаруу пакетинин бир бөлүгү болот.

Эске сала кетсек, 15-августта өлкөдө бийликти басып алган талиптер 19-августта Ооганстан Ислам Амирлигин негиздешкен. 6-сентябрда талиптердин көзөмөлүндө болбогон жападан жалгыз провинция Панджшир алынгандан кийин кыймылдын лидерлери 7-сентябрда убактылуу өкмөттү түзүшкөн.

Белгилей кетсек, Ооганстанда талибдер бийликке келгенде чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан жардам токтоп калган. Кошумчалай кетсек, миңдеген оогандыктар мекенин таштап кетишти жана процесс дагы деле уланууда. Талибдердин Ооганстанда колдоочулары көп экени талашсыз, бирок алар бийликке келгенде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушууда. Айрыкча каржылык жоготуулар өтө чоң.

Дүйнөлүк лидерлер кыймыл Бириккен Улуттар Уюму тарабынан террордук уюм деп таанылган күндө да Ооганстан террордук топтордун уюгуна айланбашы үчүн талиптер менен иштешүүнү каалашат.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости