www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  бүгүн, 31-октябрда, иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кетти. Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан тышкары, Саммиттин аянтчасында  чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости