www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуу үчүн эрки жетиштүү экенин жарыялап, бул багытта биргелешкен механизм түзүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Түркия президентинин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган менен Байден Италиянын борбор шаары Римде өткөн Улуу жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында жолугушту.

Оң маанайда өткөн жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды. Жолугушууда эки лидер Түркия-АКШ карым-катнаштарын дагы да бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен эрк билдирүүсүн жасашты. Бул багытта "биргелешкен механизм түзүү" макулдашылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн арттыруу үчүн орток перспективага ылайык өз ара кадамдар талкууланган жолугушууда НАТО союздаштыгы жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизи баса белгиленди. Жолугушууда климаттын өзгөрүшү боюнча эки тараптын тең кадамдарына канааттангандыгы айтылды. Жолугушууга байланыштуу Ак үйдүн билдирүүсүндө болсо, «Байден Эрдоган менен жолугушуусунда Түркия менен конструктивдүү алакаларды улантууну каалаганын билдирди»,-делди.

Билдирүүдө Байдендин Түркиянын НАТОнун Ооганстандагы миссиясына 20 жылдык салымы үчүн ыраазычылык билдиргени да белгиленди.

Лидерлердин жолугушуусунда Сириядагы саясий процесстер, Ооганстандагы муктаждарга гуманитардык жардам жеткирүү, Ливиядагы шайлоолор, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кырдаал жана Кавказдын түштүгүндөгү дипломатиялык аракеттердин да күн тартипте болгондугу белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости