www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путиндин мунайдын баррели 100 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деген билдирүүсү АКШ, Япония жана Индияны тынчсыздандырды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Бул билдирүүдөн кийин ири көлөмдөгү мунай импорттоочу өлкөлөр мунай өндүрүшүн көбөйтүү үчүн акыркы жылдарда ОПЕК+ (Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму) уюмуна эң күчтүү дипломатиялык кысым көрсөтө баштаганы белгиленди.

Байдендин администрациясы бензиндин баасы акыркы жети жылдагы эң жогорку чекке жеткенине көбүрөөк тынчсызданууда. Бир нече жумадан бери администрация ОПЕК+ти көбүрөөк мунай өндүрүүнү талап кылууда.

Өз кезегинде Япония да конкреттүү эмес саясий кадамга барууда жана бул чакырыктарга АКШга кошулду. Кытай азырынча үн ката элек. Бирок эксперттердин арасында бул пикирди колдобогондор да бар.

АКШнын, Япониянын жана Индиянын расмий өкүлдөрү өз-өзүнчө, ошондой эле башка негизги мунай керектөөчүлөр жана экспорттоочу өлкөлөр менен талкуулаган. Сүйлөшүүлөр болжол менен үч жума мурун башталган, бирок акыркы күндөрү баррелдин баасы 85 долларга чейин көтөрүлгөндөн кийин күчөдү, деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында америкалык WTI мунай брендинин баасы 2014-жылдын октябрынан бери биринчи жолу баррелине 85 доллардан ашып, декабрь фьючерстери 85,03 доллардан сатылууда. Brent мунайынын январь фьючерстеринин баасы баррелине 85,59 долларга чейин көтөрүлдү.

Сауд Арабия баштаган ОПЕК+ келишиминин айрым мүчөлөрү буга чейин күйүүчү май өндүрүүнү көбөйтүүдөн этият болуу керектигин баса белгилешкен. Адистердин айтымында, баанын көтөрүлүшүнө дал ушул сөздөр себеп болгон.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости