www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Таш-Көмүр шаардык администрациясынын эки кызматкерин коррупцияга байланыштуу шек санап кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана Муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысына байланыштуу кармалган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар Шамалдуу-Сай шаарында, Теңдик жана Чуют-Сай айылдарында, ошондой эле Ноокен районунун Кызыл-Алма айылында жайгашкан жерлерди жакын туугандарына жана байланыштуу адамдарга жасалма аукциондор аркылуу арзан баада өткөрүп беришкен. Натыйжада Таш-Көмүр шаарынын бюджети олуттуу зыянга учураган.

Мындан тышкары, темир жолдун боюндагы суу жана санитардык коргоо зоналарында коммерциялык объектилер үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары да аныкталган.

Бул фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, эки кызматкер 2025-жылдын 22-октябрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Азыркы тапта башка кызмат адамдардын да бул ишке катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө.

Последние новости