www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКны жетектегени Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын байма-бай кармап, камап атса да алардын аягы суюлбай келет. Эрксизден тамашалуу ой «кылт» этти. Чек ара кызматын УКМКга кошуп алгандай эле ИИМди да өз карамагына өткөзуп, «эки тизгин бир чылбырды» колго алабы? Бул системанын бандиттер менен күрөшө турган ГУБОП, ГУУР сыяктуу башкармалыктары эмне иш кылып атышканы белгисиз. Кыйраткан көрсөткүчтөрү жок эле миңдеген МЕНТтер мамлекеттин эсебинен айлык алышып коомдук коопсуздукту, тартипти карашпай эле жата беришеби?...
Айтмакчы, Ташиев соңку убакта бир катар сотторго кылмыш иштерин козгоп, эсепсиз байлыктарын, үй мүлктөрүн ачыктап атканы коомчулукка жагып аткан кези. Элибиздин басымдуу бөлүгү соттордон адилеттик таппай, 30 жылдан бери куурап келатышканы жашыруун эмес. Калыстыкты кык ордуна көрүшпөгөн, акчанын гана кулуна айланган фемида өкүлдөрүнүн жүздөрү ачыла баштаганы, «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен чекесинен кылтакка түшүп башташканы жакшы көрүнүш. Көпчүлүк катмар УКМК төрагасынын сотторго кыргыйдай тийгенин кубатташып, акыйкаттык үчүн дагы далайлардын жүздөрү ачыларына ишенишүүдө. Барган сайын Камчыбек Ташиевдин саясий рейтинги көтөрүлүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Кыскасы, мындан ары да жолдон адашпай таза, адилеттүү иштеп кете алабы, же?..
Булак: Азия News гезити