www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы коӊшу мамлекеттен келип ири каракчылыкка барышкан шектүү топтун бардык мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
--"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы өткөн жумада Ош шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында ири каракчылык менен алектенген төрт адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Алар Ош шаарында 4 жолу ири каракчылык жасашкан. Шектүүлөр шаардагы дүкөндөн 500 миӊ сомдон ашуун электроникалык буюмдарды, телефондорду уурдап кетишкен. Алар Өзбек Республикасынын жарандары болуп чыгышкан. Аларды кармоо учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанча, бычактар алынган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы атайын жүргүзгөн операциянын негизинде Өзбекстан Республикасынын жараны 2002-жылы туулган А.Ф. кармалган. Шектүү Ош шаарына Өзбекстандан бир топ жылдардан бери каттап, башка шериктерине караганда шаарды жакшы өздөштүрүп калган. Ал дагы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg