www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жылдыз айым, эч нерсе боло электе Садыр Жапаровго оппозиция пайда болду. Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов ж.б. Ушул боюнча оюңду уксак?

- Биздин өлкөдө, албетте, демократия бар. Андыктан оппозиция болуш керек, болгондо да конструктивдүү. Себеби, мамлекетибиздин тагдыры өтө оор абалда, ошондуктан, баарыбыз колдон келишинче Садыр Жапаровду мамлекет, эл үчүн колдоп берели.

Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов өз убагында саясий «тандемге» баруу менен чектелбестен, бирөөсү Жогорку Кеңештин төрагасы болсо, экинчиси премьер-министри болушкан.

Баса белгилөөчү жагдай, Текебаевдин оппозиция болууга эч бир моралдык укугу жок, анткени, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары 2010-жылдагы апрель-июнь окуясынын чыгышына жол беришкен. Башкача айтканда, ошол кездеги утурумдук бийликтеги адамдар, шериктери менен алганда, алардын мыйзамсыз жасаган иштери боюнча эл сурай турган убакыт жакындап калды.

- Буга чейин Садыр иниңизди колдоп келдиңиз, кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Кызмат орун сунуштаса барасызбы?

- Садыр Жапаровду, ооба, 2010-жылдан 2021-жылга дейре колдоп келе жатканыма коомчулук күбө. Айрыкча, Садыр Жапаровдун башына оор күн түшкөндө, дээрлик көпчүлүк саясатчылар аны колдоодон, интервью берүүдөн качышат эле. Жалгыз калып калган күндөрү болгон...

Эгерде келечекке карай алсак, Жапаров өз иш-аракеттерин бир гана мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жумшаса, сөзсуз колдоорум анык.

Аткаруу бийлигинде 36 жыл таза иштеп бердим. Өз өлкөмө жана элиме татыктуу кызмат кылганымды билем да. Ошондуктан, аткаруу бийлигине барбайм. Ал эми парламентке дагы бир чакырылышка барып, мыйзам чыгаруу багытында иштөө оюмда бар...

«Кадрлар баарын чечет» деп Сталин бекер айткан эмес, андыктан, Садыр Нургожоевич ушул жааттан катачылык кетирбөөсү зарыл. Буга мен але эмес, элдин үмүтү да чоң экенин өзү да билип, туюп турса керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости