www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн 36-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Түзүмгө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын компетенттүү органдары жана ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин делегациялары кирет.
Анда аймактык коопсуздук маселелери каралып, ШКУдагы террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттер талкууланды.
Ошондой эле уюмга мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга карата терроризмге каршы туруу программасынын долбоору жактырылды.
--"ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын 2021-жылы террорчулукка каршы биргелешкен "Пабби - Антитеррор – 2021" машыгууларын жана чек ара кызматтарынын башчыларынын сегизинчи жолугушуусу, эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү чечимдери кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, уюштуруу иштери боюнча бир катар маселелер каралды. Түзүмдүн кийинки жыйыны быйылкы жылдын сентябрь айында ошол эле Ташкент шаарында Өзбекстандын төрагалыгы алдында өткөрүлмөкчү.
Булак: NazarNews.kg