www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен унаанын айдоочу мас болчу. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирет.

Бүгүн, 18-декабрга караган түнүЮ саат 01:00 чамасында «Honda CR-V» унаасы А.Масалиев көчөсү менен бара жаткан. Бирок А.Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен.

Анын кесепетинен 1960-жылы туулган Ш.Т. окуя болгон жерде каза болду.

Ал эми «Хонда» унаасынын айдоочусу — 1976-жылы К.Н. кармалып, Республикалык наркологиялык борборго жеткирилген. Ал жерде К.Н. мас абалда экендиги аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталды.

К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости