www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар Иран боюнча сүйлөшүүлөр создугуп жаткандыктан бул өлкөнүн ядролук курал иштеп чыгууну баштоосуна өтө аз убакыт калышы мүмкүн экенин билдирди. “Ак үйгө” жакын булактардын маалыматына караганда, буга байланыштуу АКШ тынчсызданууда.

17-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун байкоочулары ядролук комплекстеги байкоо камералары жаздырып алган видеолор жоголгону боюнча маселе көтөргөндүктөн Иран боюнча сүйлөшүүлөр кийинкиге калтырылган.

Иранда бийлик алмашкандан бери бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр беш айлык тыныгуудан кийин өткөн аптада улана башатаган.

Ага Иран, Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай катышкан. 2015-жылы аталган өлкөлөр жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган.

Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан. АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости