www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-декабрда, саат 11:43тө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда болуп, Ак-Чечек айылынын түштүк-батышынан 15 чакырым, Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгышынан 10 чакырым, Лейлек айылынан 23 чакырым, Сүлүктүдөн 42 чакырым, Баткендин батышынан 66 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылат.
Ак-Чечек, Жаңы-Жер айылдарында 4 балл, Лейлек менен Сүлүктүдө 3 балл жана Исфанада 2,5 баллга жеткен.
ӨКМ азырынча мындан кыйроолор болуп же болбогону тууралуу маалымат бере элек.
Тажикстан менен чектешкен аймактагы жер силкинүүнүн эпкини Өзбекстандын да бир катар айылдарында сезилген. Тажикстанда дагы кесепети туурасында кабар жок.
Булак: NazarNews.kg