www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Театр-жашоо күзгүсү
Актёрдун чыгармачылык бийиктиги Барпы акындын ролун жараткандыгында болду. Кудум Барпы апыздай элес калтырып, ролду келиштире ойноп койгон Солтобай агабыздан маек алдык.
Залкарлар арасында
Алгач театралдык студияны аяктап, 1984-жылдан тарта С. Ибраимов атындагы Ош драма театрында эмгектенип келүүдөмүн. КРнын эл артисттери: Д. Байдөбөтов, Марат Алышбаев, Назира Мамбетова, Гүлайым Каниметова сыяктуу залкар таланттар менен иштешип калганым мен үчүн чоӊ сыймык. Улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун “Бетме-бетинде”-Асантайды,ал эми “Барпы акын” спектаклинде жигитти, драматург Т. Абдумомуновдун “Ашырбайында”, А. Дыйканбаевдин “Жаз айында ак таӊында”, Мар Байжиевдин “Күтүлбөгөн окуясында” кичинекей ролдорду жаратып келдим.
Багын ачкан Барпы апыз
С. Наматов “Барпы ырчы” спектаклин койгон. Мен Барпынын жигит чагынан баштап, улгайып калган чагына чейин аткаргам. Кыргыз эл сүрөтчүсү Жалил Баатров “Бир көзүӊ кичине болуп калса, Барпынын эле дал өзү болуп калмаксыӊ” деп өз баасын берген. Махабаттын жарчысы аталган улуу акындын образын чагылдыруу мен үчүн кыйынга турду. Сузактыктардын тембринде Барпынын стилине салып ырдаганым мага күч-кубат берди. Барп акындын ролу ыйык сахнада менин бактымды ачты.
Актёр үчүн аткарыла элек роль кызык
Массовкалар, кичинекей эпизоддук ролдорду аткарып, бара-бара башкы ролду ойноо же дүйнөлүк деӊгээлдеги ролдорду иштеп чыгаруу өтө оор тура. Бирок актёр болгон соӊ, өзүӊдү бардык жанрдагы ролдордон көргүӊ келет экен. Дүйнөлүк классиктерден Софоклдун “Эзоп” спектаклинде чабарманды, У. Шекспирдин “Отеллосунда” Ягону ойнодум. Актёр үчүн баарынан да аткара элек ролу кызык. Ал эми кыялдагы ролум У. Шекспирдин “Гамлети” болчу, бул ролду ийне-жибине чейин жеткиликтүү ойнобосо, татаал жана күчтүү роль. Мен бул театрга жаӊыдан аралаша баштаганда заманыбыздын залкары КРнын эл артисти Марат Алышбаев Гамлетти ынанымдуу ойногону дале да көз алдымда. Ар бир залкардын өз почерки бар. Кудай буюрса, Гамлетти менин чыгармачылык дараметим менен Марат агайдын деӊгээлине жеткире ойногум келет.
Айтматовго кулундай эркелеп...
Суранчы Тентимишовдун “Алымбек датка” спектаклинде баш каарманды аткарып, республика боюнча өткөрүлгөн конкурста “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” наамына татыгам. Чыныгы актёрлукту таанытыш үчүн фантазияга бай болушу абзел. “Гүлсаратты” сахналаштырган режиссёр Талант Апыев: “Солтобай, сен Гүлсарат үчүн жаралгансыӊ” деген. Ошол бир эле спектаклде Гүлсаратты жана Танабайды аткарып, спектакль бүткөн соӊ, Чыӊгыз агабыз мыкты ойнодуӊ деп далыма таптаса, кантсе да актёр эмесминби аттын жүгөнүн кийип тургам Гүлсараттын Танабайга эркелегендей ат болуш кишенеп Чыӊгыз аганын көкүрөгүнө башымды коюп эркелесем, өзү да күткөн эмес окшойт таӊ кала карап калган.
Талантына шык берген Гойго Митич
Гойко Митич ойногон “Чингачгук көлөмдүү жылан” киносун көрүп катуу таасирленгем. Чинганчгук сыяктанган башкы каармандын ролун ойнойм деп тилек кылчумун. Апачини кумир тутуп жүрүп актёр болдум. Биз бала кезде Индия кинолору ар жекшембиде клубдарда көрсөтүлчү. Классташ кыздарыбыз өтө бериле көргөнүнөн көздөрүнөн жаш алчу. Биздин залкар таланттар гастролдоп келип спектакль койгондон соӊ сөзсүз концерт беришет эле. Туугандарым “Ак Мөөр” спектакли келсе, мени ээрчитпей коюшкан. Бала экенмин да, кинодогу Мөөрдүн сулуулугун ушунчалык өӊүнөн көргүм келип, спектаклге бара албай калганыма ызаланып ыйлагам. Союз доорунда мейли актёр болобу же ырчыбы “артист, маскарапоз” дешип, аларды лөлүлөргө теӊешип, шылдыӊ катары кабыл алмай биздин менталитетке калыптанып калбады беле. Айрыкча түштүк жергесинде ата-энеси балдарын келечекте “прокурор” же “раис” болушун самашчу. Менин атым Нурбай, апам Тургун башкалардай болуп каршы болбой искусствону түшүнгөн үчүн борборго келип, театралдык бөлүмгө тапшырып калдым.
Ар бир каармандын сахнага чыгышы мага премьера сыяктанат. Канчалык мыкты деӊгээлде аткарбагын, баары бир канааттанбай өзүмө талапты коё билем. Ар бир образды жүрөгүмдүн тереӊинде багып, аздектеп өстүрүп, анан гана эл алдына алып чыгам. Өнөрү менен эл баккан кыргыз эли үчүн талыкпай эмгек кылыш менин милдетим.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg