www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан менен чек араны бекемдей албай жатып согушчул Ооганстанга көз арта баштадык. Ооганстанга электр беребиз деп коюп, башаламандык болуп кетип бере албай калсак, согушчулдар биздин башыбыздан сыламак беле? «Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур» -дегендей Тажикстанда авторитардык режим болгондуктан карапайым элдин «светин» өчүрүп коюшуп, чет мамлекеттерге электр сата беришет. Бизде болсо «светтин» айынан көп бийлик алмашты. Мындан беш жыл мурун 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда «CASA-1000» долбооруна алгачкы кадамдар ташталып, ошол бойдон былкылдабай жаткан. Азыр Тажикстан менен чек ара маселеси чечилбей жатканда «CASA-1000» долбоору башталды. Президент Садыр Жапаровдун алдында бөйпөңдөгөн Өмүрбек Суваналиев ошол жерде капсула куюшуп жүрөт. Балким ошол үчүн генерал-полковникке тете 1 класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин алгандыр. Андан көрө чек ара маселесин чечишсе жакшы болмок. Чек ара чечилген соң КАСА болобу, «маза» болобу, ансыз деле беш жылдан бери ишке ашпай турган долбоорду башташса болмок. Кыргыздарда Баткенде талаш маселе бар, ушул маселени Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чечти. Ал эми ууга сугарылган Хомрохон Зарифи сыяктуу аксакалдар кыргыз жана тажик элинин чек арасын тынч чечип берүүнүн ордуна, кимдир бирөөлөрдүн шилтөөсү боюнча ар кандай булганыч ой –жорууларга барып жатат. Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев: «Чек ара маселесинде убакыт тажик тарапка иштеп жатат» деп жар салууда.
«CASA-1000» Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктирет
CASA-1000 долбооруна төрт мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд доллардан ашат. Анын ичинен Кыргызстанга 233 млн доллар, Тажикстанга 314 млн доллар, Ооганстанга 354 млн доллар, Пакистанга 209 млн доллар туура келет. CASA-1000 долбоору боюнча Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ГЭСтерден Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын алып баруу үчүн 1,3 чакырымдык линияларды куруу каралган. Кыргызстан менен Тажикстан жай мезгилинде ашыкча электр энергияга ээ болот, ошол эле учурда Пакистан менен Ооганстанда тескерисинче тартыштык жаралат. Ошондуктан жылдын бул мезгилинде электр энергиясын экспорттоо долбоордун бардык катышуучулары үчүн пайдалуу болмокчу. Буга байланыштуу беш жылдан бери долбоорду ишке киргизүүнүн үстүндө даярдык иштери жүрдү. Анын ичинде электр энергиясына, курулушка чыгымдалган тарифтин баасы коюлду, жергиликтүү коомчулукту колдоо механизмдери аныкталды, негизги долбоордук макулдашууга кол коюлду. Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанда узундугу 450 чакырымды түзгөн 500кВТ электр өткөрүү линиясын куруу пландалууда. Узундугу 125 километр болгон биринчи тилке боюнча конкурстук кайрылууларды баалоо жүргүзүлгөн. Аны ишке ашырууга Ислам Өнүктүрүү Банкынын каражаты сунушталган. 325 километр экинчи тилке боюнча каржылоо Бүткүл Дүйнөлүк банктын жана Европа Инвестициялык банктын каражатынан жүргүзүлөрү бышыкталган.
Ошону менен катар CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылган. «Digital CASA»- CASA-1000 энергетикалык долбоорунун аналогдук аталышы. Ал аймактагы өлкөлөрдү өз ара жогорку ылдамдыктагы транс чек аралык интернет каналдары менен байланыштырмак. Мында биздин аймак бардык континенттер үчүн негизги транзиттик хаб боло алмак. Долбоорду ишке ашыруунун башкы жыйынтыгында Борбор Азия жашоочулары бир топ арзан жана кеңири тилкелүү интернетке жеткиликтүү боло алышмак. Буга альтернативдүү байланыштарды колдонуунун эсебинен жетишүүгө болмок. CASA-1000 жана Digital CASA (Диджитал КАСА) долбоорлорун практикалык жактан тезирээк ишке ашыруу менен катышуучу-өлкөлөр ортосунда келечекте жемиштүү кызматташтык бекемделмек.
«CASA-1000» долбоорунда Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү
Жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан долбоордун алкагында «Электр станциялары» ишканасы 1,2 млрд доллар, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы 322 млн доллар табат. Экспорттоло турган электр энергиянын 1 кВ/саатынын баасы 5,42 цент болот. Биринчи баскычтын алкагында Кыргызстан жыл сайын май айынан сентябрга чейин 377 млн кВ/саат электр энергиясын жөнөтүп туруш керек. Экинчи баскыч боюнча биз 800 млн кВ/саат жөнөтүш керек. Башкача айтканда 377 млн кВ/саатты Кыргызстан милдеттүү түрдө жөнөтөт. Ал эми 800 млн кВ/саатты мүмкүнчүлүккө карап жөнөтсөк болот.
Келишимге ылайык суу көбөйгөн же азайган учурда Кыргызстан шарттарды караштыра алат. Жай айларында өлкөдө электр энергиясын керектөө азаярын белгилеп, жайында электр энергиясын экспорттоо кыйынчылык туудурбай турат. Жаңы кубаттуулуктар киргизилип жаткандыктан электр энергиясын туруктуу экспорттоо мүмкүн дешет. Келишимде каралгандай, Кыргызстан менен Тажикстанда электр энергиясында тартыштык болсо эки өлкө бири-биринин ордуна электр энергиясын жөнөтө алат. Эгер бир мамлекет бир жылы электр энергиясын жөнөтө албаса, ал укугун башка тарапка өткөрүп бере алат. Башкача айтканда электр энергияны Тажикстан биздин ордубузга же биз алардын ордуна жөнөтө алабыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg