www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар Тажикстан менен Түркмөнстанды дин тутуу эркиндигин системалуу түрдө чектен аша бузган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дин тутуу эркиндигине кысым көрсөтүү менен өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөр катары Бирма, Кытай, Эритрея, Иран, Нигерия, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан жана Түркмөнстанды белгилеген.

Ошол эле маалда Судан менен Өзбекстан бул тизмеден чыгарылып, аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү соңку жылдары бул багытта конкреттүү прогресстерге жетишкени айтылат.

«Алар өткүрлүк менен мыйзамдарын жана тажрыйбаларын жаңылап, башка өлкөлөргө өрнөк боло алышат », — деп билдирди Помпео.

Белгилей кетсек, документте Кошмо Штаттар дүйнө жүзүндө диний себептерден улам куугунтуктоого чекит коюуунун үстүндө иштөөнү улантары айтылган.

АКШ ар бир адам кай жерде, кандай убакта болбосун өз абийиринин негизинде жашоого укуктуу деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости